Захарова нацизм боюнча резолюцияны колдобогон мамлекеттерге эскертүү жасады

© Sputnik / Станислав Красильников / Медиабанкка өтүүРФтин ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова
РФтин ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
ТИМ өкүлүнүн пикиринде, кээ бир кадамдар БУУнун принциптери менен максаттарын сактоо боюнча убада берип жана алынган милдеттенмелерге туура келбейт.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассамблеясындагы (БА) нацизмди даңазалоо менен күрөшүү боюнча резолюцияга добуш берүүнүн жыйынтыгы Россиянын аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди колдоо жаатындагы позициясына таасирин тийгизет. Бул туурасында РФтин ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин Sputnik радиосу кабарлады.
“Биз мурдагы “октун” мүчө мамлекеттери: Германия, Италия, Япония резолюцияга каршы добуш берди. Муну алар өз күнөөсүн түшүнүү боюнча мурда айткандарынын чын экендигинен шек жараткан жоопкерчиликсиз мамилеси катары карайбыз”, — деген Захарова.
Анын айтымында, мындай кадамдар БУУнун принциптери менен максаттарын сактоо боюнча убада берип жана алынган милдеттенмелерге туура келбейт.
“Добуш берүүнүн жыйынтыктары Коопсуздук кеңештин туруктуу эмес жана туруктуу мүчөлүгүнө шайланууга белсенген мамлекеттердин талапкерлигин колдоодо Россиянын позициясын иштеп чыгууда биз үчүн чечүүчү мааниге ээ болот”, — деди Захарова.
Эске салсак, 19-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассамблеясы (БА) Россиянын нацизмди баатырлык катары көрсөтүү менен күрөшүү боюнча резолюциясын кабыл алган. Резолюция үчүн 118 өлкө добушун берсе, 49у каршы чыгып, 14 мамлекет калыс пикирди карманган. Макул болгондордун тизмесинде Россия, Кытай, Израиль баштаган өлкөлөр турду. Каршылардын катарына АКШ, Улуу Британия, Германия, Италия, Япония, Украина, Франция, Канада, Австралия, Австрия, Албания, Бельгия, Эстония, Чехия, Финляндия, Грузия, Венгрия, Ирландия, Латвия, Литва, Черногория, Нидерланддар, Норвегия, Польша, Молдова, Словения, Испания, Швеция жана башкалар болду.
 Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассамблеясы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Россиянын нацизмге каршы күрөшүү резолюциясын БУУ Башкы Ассамблеясы кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0