00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:04
38 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
5 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Үй бүлөдө балдарды гендердик бөлүп тарбиялоо маанилүүбү?
17:08
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как накопить на первоначальный взнос и приобрести жилье от ГИК - о программе "Накопительная ипотека"
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Туяк
Кененсары эки бөйрөгүн суурутуп алса да “кыңк” дебей кармашкан Жаманкара баатыр
19:10
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Будущее атомной энергетики в Кыргызстане: перспективы и вызовы
20:06
37 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

БУУ Газада согуш отун токтоосуз өчүрүү чечимин кабыл алды

© AFP / ANGELA WEISSБириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууну талап кылган резолюция боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууну талап кылган резолюция боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Башкы Ассамблея АКШнын ХАМАСтын чабуулдарын айыптаган пунктуну киргизүү сунушуна каршы добуш берген.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы Израиль менен ХАМАСтын Газадагы согуш отун токтоосуз өчүрүүсү жана туткундарды эч кандай шарт-талапсыз бошотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Документке 153 мамлекет кол койгон. АКШ, Израиль, Австрия жана Чехияны кошкондо 10 мамлекет каршы чыккан. Украина, Улуу Британия, Германия, Италия, Аргентина жана Грузия калыс деген позицияны карманган. Башкы Ассамблея АКШнын ХАМАСтын чабуулдарын айыптаган пунктуну киргизүү сунушуна каршы добуш берген.
Газа секторундагы Палестинанын жай жарандарынын оор абалына тиешелүү резолюцияны Египет (БУУдагы Араб тобуна төрагалык кылат) жана Мавритания (Ислам кызматташтык уюму тобунун төрагасы) даярдаган.
Авторлор документтин гуманитардык багытта экендигин жана аны саясатташтырууну каалабай тургандыгын белгилешкен.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын документинде "согушту тез арада гуманитардык жактан токтотууну талап кылат" деп айтылган. Андан сырткары, "бардык туткундарды токтоосуз бошотуу жана гуманитардык жеткиликтүүлүктү камсыздоо" талабы коюлган.
Текстте бардык тараптарга гуманитардык эл аралык укук боюнча милдеттенмелерди, тагыраагы, жай тургундарды коргоо милдетин сактоо боюнча да айтылган.
Жума күнү ушундай эле резолюцияга БУУнун Коопсуздук кеңешинде тоскоолдук кылышкан. Аталган кеңештин 13 мүчөсү резолюциянын кабыл алынышын колдоп, Улуу Британия калыс пикирин билдирген.
БУУнун Коопсуздук кеңешинен айырмаланып, Башкы Ассамблеянын милдеттенме кылып такканга юридикалык күчү жок.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кетти. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны соңку маалыматтарда 18 миң кишиге жеткени, 46 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин билдиришинче, Израилден 1,2 миң киши көз жумган, 5 миң киши жарадар болгон.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Василий Небензя. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Небензя: Газага барып, Ленинграддагы азаптуу курчоону эстедим
Жаңылыктар түрмөгү
0