Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиев: Соцфондго алтын алууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталат

© SputnikСоциалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев. Архивдик сүрөт
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев аталган мекемеде акчаны алтын менен сактоого уруксат берүү керек деп эсептейт.
2022-жылдын жыйынтыгы менен Социалдык фонддун топтомо бөлүгүндөгү каражат 35 миллиард сомго жеткен. 2023-жылы бул сумма 42 миллиардды түздү. Бул тууралуу Бактияр Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Алиев: Соцфондго алтын алууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталат
Анын айтымында, Социалдык фонддун каражаты алтын менен сакталса, ал сомдун куну түшкөн учурда да туруктуулугун сактап калмак.
"2022-жылдын жыйынтыгы менен Социалдык фонддун топтомо бөлүгүндөгү каражат 35 миллиард сомго жеткен. 2023-жылы бул сумма 42 миллиардды түздү. 5-6 жылда бул каражат 100 миллиардга чыгат. Жыл өткөн сайын инфляцияга, сомдун кунунун түшүшүнө көз каранды болбош үчүн биз бул акчага алтын алып коюуну сунуштап жатабыз. Пенсиялык реформа боюнча мурда сунушталган мыйзам долбооруна кирген эле, ал долбоор жалпысынан эле ЖК тарабынан жактырылбай калган үчүн бул пункт да өткөн эмес. Эми өзүнчө мыйзам долбоору кылып сунуштаганы жатабыз. Мындан сырткары, Улуттук банктын жети, 14 жана 28 күндүк ноталарына акча салып турууну да мыйзам долбооруна киргизгенбиз. Мындай жолдор менен биз топтомо бөлүккө келип түшкөн каражаттын кунун түшүрбөй кармап турмакпыз. Мисалы, ошол эле алтынды ала турган болсок, 20 жыл аралыгында анын наркы дээрлик жети пайызга өстү. Биз акча кылып эле кармап отура бербей алтын алып, аны беш, 10 жылдык мөөнөттө кайра эле Улуттук банкта сактап, керек учурда сатып, ошол эле пенсияны көбөйтүү үчүн же башка шарттарда колдонмокпуз", — деди Алиев.
Ал азыркы учурда Социалдык фонд каражатына мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып ала аларын, бирок жалаң эле баалуу кагаздарды карап отура берүү натыйжалуу ыкма эмес экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0