Энергетика министри: Бишкекте трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПодстанциядагы трасформаторлор. Архивдик сүрөт
Подстанциядагы трасформаторлор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкектеги кээ бир подстанцияларда трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирди.
Анын айтымында, айрым трансформаторлор алмаштырылды. Мисалы, "Ново-Южная" подстанциясына 40 мегавольт-ампер (мурда 25 болчу) кубаттуулуктагы трансформатор коюлду. Ал эми ГЭС-5 аймагындагы подстанцияда кубаттуулук 250дөн 400 мегавольт-амперге жогорулатылды.
"Биз былтыркы суукта жогорку басым менен иштеген бардык подстанциялардагы кубаттуулук номиналдарын алмаштырууга жетиштик", — деди Ибраев.
Электр эсептегичтерин алмаштыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Министр: кыргызстандыктарды акылдуу эсептегичке толук өткөрүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0