https://sputnik.kg/20231128/sadyr-zhaparov-zhashtardyn-konulun-3-bagytka-buruuga-chakyrdy-1080831036.html
Садыр Жапаров жаштардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды
Садыр Жапаров жаштардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы өлкөдө агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эместигин эскертти. 28.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-28T19:02+0600
2023-11-28T19:02+0600
2023-11-28T19:06+0600
кыргызстан
садыр жапаров
жаштар форуму
кайрылуу
билим
инвестициялар
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/1c/1080830705_0:55:2048:1207_1920x0_80_0_0_3bde560f602f1354d303b51084e9e561.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өткөн Жаштар форумунда сүйлөп, улан-кыздардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды.Мамлекет башчысы билимди алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү тутуму менен кесипке даярдоо тармагына колдоону күчөтүүгө сөз берди. Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.Төмөндө мамлекет башчынын белгилеген багыттары:Инвестицияны өзүңөргө салгылаБиринчиси – жаңыча билимдерди, инновацияларды жана технологияларды ыкчам өздөштүрүү багыты. Сиздерден өзүңүздөргө, билимиңизге инвестиция салууну суранам.Бүгүн силердин колуңарда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан маалымат алууга, электрондук форматтагы каалаган материалга жана билим алуу жаатында жүздөгөн колдонмолорго кирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жаштыгыңардын бир эле бөлүгүн окууга, билим алууга, өнөр үйрөнүүгө жумшай алсаңар, анын үзүрүн өмүр бою көрөсүңөр. Чыгармачыл ой жүгүртүүнүн, ойду ырааттуу билдирүүнүн, ишкердик көндүмдөрдү, каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүнүн башаты китеп окууга такалат.Агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жокЭкинчи багыт – улуттук биримдигибизди жана ынтымагыбызды чыңдоо. Биз аймагына, улутуна, социалдык абалына карап бөлүнбөшүбүз керек. Баарыңар бир Кыргызстандын жаштарысыңар. Келгиле, кыялыбыздагы Кыргызстанды куруу үчүн бир бололу! Ааламдашуу менен катар дүйнө өзгөрүп, руханий баалуулуктарыбыз, адеп-ахлагыбыз, нарк-насилибиз унутта калып бараткандай. Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам жана мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголгон адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды, энелерибизди коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, карыяларыбызга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес.Табиятка аяр мамиле кылалыҮчүнчү багыт – ажайып кооз жаратылышыбызга, табиятыбызга аяр мамиле кылуу милдети турат. Тилекке каршы, биз баарыбыз глобалдык климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуубуз керек. Биз баарыбыз адаттарыбыз менен баалуулуктарыбызга маани берип, кайрадан карап чыгышыбыз керек дегенди билдирет. Сууну, электр энергиясын үнөмдөө, заманбап технологияларга өтүү жана, албетте, уникалдуу флора жана фаунабызды коргоо жаңы замандын жаштарынын адаттарына айланышы зарыл. Мүмкүн болушунча өзүбүздүн жашоо образыбызды сактап, кийинки муундун таза табиятта, жайлуу жашоосу үчүн зарыл болгон иш-аракеттердин баарын көрүшүбүз абзел.Жапаров сөзүнүн аягында жаш муун өкүлдөрүн биргелешип иштеп, мыйзам үстөмдүгү орногон, улуусун урматтап, кичүүсүн ызаттаган, инновацияларга толгон, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн коомду курууга чакырды.
https://sputnik.kg/20231128/zhaparov-zhakynky-7-zhylda-el-ipotekany-4-payyz-menen-alaryn-aytty-1080825876.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/1c/1080830705_70:0:1978:1431_1920x0_80_0_0_4c8f2e9f84409f9b80d44e9af7bfd9ad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, жаштар форуму, кайрылуу, билим, инвестициялар
кыргызстан, садыр жапаров, жаштар форуму, кайрылуу, билим, инвестициялар
Садыр Жапаров жаштардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды
19:02 28.11.2023 (Жаңыртылды: 19:06 28.11.2023) Мамлекет башчы өлкөдө агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эместигин эскертти.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өткөн Жаштар форумунда сүйлөп, улан-кыздардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды.
Мамлекет башчысы билимди алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү тутуму менен кесипке даярдоо тармагына колдоону күчөтүүгө сөз берди. Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.
Төмөндө мамлекет башчынын белгилеген багыттары:
Инвестицияны өзүңөргө салгыла
Биринчиси – жаңыча билимдерди, инновацияларды жана технологияларды ыкчам өздөштүрүү багыты. Сиздерден өзүңүздөргө, билимиңизге инвестиция салууну суранам.
Бүгүн силердин колуңарда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан маалымат алууга, электрондук форматтагы каалаган материалга жана билим алуу жаатында жүздөгөн колдонмолорго кирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жаштыгыңардын бир эле бөлүгүн окууга, билим алууга, өнөр үйрөнүүгө жумшай алсаңар, анын үзүрүн өмүр бою көрөсүңөр. Чыгармачыл ой жүгүртүүнүн, ойду ырааттуу билдирүүнүн, ишкердик көндүмдөрдү, каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүнүн башаты китеп окууга такалат.
Агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок
Экинчи багыт – улуттук биримдигибизди жана ынтымагыбызды чыңдоо. Биз аймагына, улутуна, социалдык абалына карап бөлүнбөшүбүз керек. Баарыңар бир Кыргызстандын жаштарысыңар. Келгиле, кыялыбыздагы Кыргызстанды куруу үчүн бир бололу! Ааламдашуу менен катар дүйнө өзгөрүп, руханий баалуулуктарыбыз, адеп-ахлагыбыз, нарк-насилибиз унутта калып бараткандай. Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам жана мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголгон адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды, энелерибизди коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, карыяларыбызга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес.
Табиятка аяр мамиле кылалы
Үчүнчү багыт – ажайып кооз жаратылышыбызга, табиятыбызга аяр мамиле кылуу милдети турат. Тилекке каршы, биз баарыбыз глобалдык климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуубуз керек. Биз баарыбыз адаттарыбыз менен баалуулуктарыбызга маани берип, кайрадан карап чыгышыбыз керек дегенди билдирет. Сууну, электр энергиясын үнөмдөө, заманбап технологияларга өтүү жана, албетте, уникалдуу флора жана фаунабызды коргоо жаңы замандын жаштарынын адаттарына айланышы зарыл. Мүмкүн болушунча өзүбүздүн жашоо образыбызды сактап, кийинки муундун таза табиятта, жайлуу жашоосу үчүн зарыл болгон иш-аракеттердин баарын көрүшүбүз абзел.
Жапаров сөзүнүн аягында жаш муун өкүлдөрүн биргелешип иштеп, мыйзам үстөмдүгү орногон, улуусун урматтап, кичүүсүн ызаттаган, инновацияларга толгон, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн коомду курууга чакырды.

28 Жетинин айы 2023, 16:58