Бүгүн Бишкектин айрым жолдору жабылат. Убакыт-сааты

© Sputnik / Эркин АлымбековКайгуул милициясы Бишкектин Тоголок Молдосун жабууда. Архивдик сүрөт
Кайгуул милициясы Бишкектин Тоголок Молдосун жабууда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
Кыргызстандын "Ак шумкар" командасы Омандын курама командасы менен беттешет.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабыла турганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мындай чектөө борбор калаада өтө турган футболдук беттешке байланыштуу киргизилген. Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын "Ак шумкар" командасы Омандын курама командасы менен беттешет.
"Мындан улам саат 14:00дөн 22:00гө чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун айланасында жол кыймылы чектелет", — деп жазылат кабарда.
Жабыла турган көчөлөр:
Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
Фрунзе көчөсү — Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.
Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, башка жолдор менен жүрө турууну өтүндү.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Футбол: Кыргызстандын командасы Малайзияда үй ээлерине утулуп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0