https://sputnik.kg/20231117/ayyl-charba-sugat-suu-tashuu-zhogolot-1080526595.html
Кыргызстанда сугат суунун 25-30 пайызы ташуу учурунда жоголот
Кыргызстанда сугат суунун 25-30 пайызы ташуу учурунда жоголот
Sputnik Кыргызстан
Министр каналдарды механикалык тазалоодон өткөрүү суу жоготууларын азайтып гана койбостон, жеткирүү ылдамдыгын дагы жакшыртарын кошумчалады. 17.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-17T14:35+0600
2023-11-17T14:35+0600
2023-11-17T14:35+0600
пресс-борбор
кыргызстан
айыл чарба жана мелиорация министрлиги
суу
ташуу
канал
тазалоо
аскарбек жаныбеков
https://sputnik.kg/img/07e5/08/0a/1053498760_71:0:3559:1962_1920x0_80_0_0_b104e23f5c232f708dedaa6309502d8c.jpg
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Сугат суунун 25-30 пайызы фермерлерге жеткирүү учурунда жоголууда. Учурда жоготууларды азайтуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.Ал Sputnik Кыргызстандын малымат борборунда өткөн "Кыргызстан суу тартыштыгы менен 2025-жылы кантип күрөшөт" аттуу брифингге катышты.Жакында эле Улуттук статистика комитетинин отчету жарыяланды. Ага ылайык, ирригациялык системалардын начар абалынан улам суунун төрттөн бир бөлүгүнөн ашыгы ташуу учурунда жок болот. Мисалы, өткөн жылы 8 миллиард 742 миллион кубометр суу алынып, анын 5 миллиард 844 миллиону гана (94 пайыздан ашыгы сугатка, калганы өндүрүшкө жана чарбалык иштерге кетет) колдонулган. Министрге жоготууларды азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлө турганы боюнча суроо узатылды.Жаныбеков ташылган суунун 25-30 пайызы чарбалар аралык жана ички чарбалык каналдарда жоготууга учурай турганын белгиледи. Өткөн жылы 668 чакырымдык канал тазаланып бетондолгон, быйыл дагы ушундай эле иштер аткарылары айтылды.Анын айтымында, план боюнча 2025-жылга чейин Айыл чарба министрлигинин балансындагы каналдар механикалык тазалоодон өткөрүлүп бүтөт. Мындан тышкары, министрлик учурда айыл өкмөттөргө жана суу колдонгон ассоциацияларга караган ички чарбалык маанидеги ирригациялык объектилерди өзүнүн балансына ала баштады. Министр механикалык тазалоо суу жоготууларын азайтып гана койбостон, жеткирүү ылдамдыгын дагы жакшыртарын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20231116/kyrgyzstan-irrigaciya-iznos-1080465406.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/0a/1053498760_507:0:3123:1962_1920x0_80_0_0_74ebb1993007f63926439092b4927b19.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айыл чарба жана мелиорация министрлиги, суу, ташуу, канал, тазалоо, аскарбек жаныбеков
кыргызстан, айыл чарба жана мелиорация министрлиги, суу, ташуу, канал, тазалоо, аскарбек жаныбеков
Кыргызстанда сугат суунун 25-30 пайызы ташуу учурунда жоголот
Министр каналдарды механикалык тазалоодон өткөрүү суу жоготууларын азайтып гана койбостон, жеткирүү ылдамдыгын дагы жакшыртарын кошумчалады.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Сугат суунун 25-30 пайызы фермерлерге жеткирүү учурунда жоголууда. Учурда жоготууларды азайтуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын малымат борборунда өткөн "Кыргызстан суу тартыштыгы менен 2025-жылы кантип күрөшөт" аттуу брифингге катышты.
Жакында эле Улуттук статистика комитетинин отчету жарыяланды. Ага ылайык, ирригациялык системалардын начар абалынан улам суунун төрттөн бир бөлүгүнөн ашыгы ташуу учурунда жок болот. Мисалы, өткөн жылы 8 миллиард 742 миллион кубометр суу алынып, анын 5 миллиард 844 миллиону гана (94 пайыздан ашыгы сугатка, калганы өндүрүшкө жана чарбалык иштерге кетет) колдонулган. Министрге жоготууларды азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлө турганы боюнча суроо узатылды.
Жаныбеков ташылган суунун 25-30 пайызы чарбалар аралык жана ички чарбалык каналдарда жоготууга учурай турганын белгиледи. Өткөн жылы 668 чакырымдык канал тазаланып бетондолгон, быйыл дагы ушундай эле иштер аткарылары айтылды.
"Башкача айтканда, биз жоготууларды азайтуу үчүн иш жүргүзүп жатабыз. Суунун өтө чоң көлөмү ортодо жоголуп кетип жатат. Бул өтө чоң потенциал. Аны колдонуу менен суунун көлөмүн кыйла көбөйтө алабыз", — деди министр.
Анын айтымында, план боюнча 2025-жылга чейин Айыл чарба министрлигинин балансындагы каналдар механикалык тазалоодон өткөрүлүп бүтөт. Мындан тышкары, министрлик учурда айыл өкмөттөргө жана суу колдонгон ассоциацияларга караган ички чарбалык маанидеги ирригациялык объектилерди өзүнүн балансына ала баштады. Министр механикалык тазалоо суу жоготууларын азайтып гана койбостон, жеткирүү ылдамдыгын дагы жакшыртарын кошумчалады.
16 Жетинин айы 2023, 12:07