УКМК: Көлбаевдин "кишилери" тартып алган акча, товарлар ишкерлерге кайтарылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Архивдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Жазылуу
Кылмыштуу топ көп жылдар бою ишкерлерден жана кыргызстандыктардан Кытайдан экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектеген товарларды мыйзамсыз тартып алып турушкан.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан каракталган ишкерлердин товарлары жана акчалары кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин атайын кызматка М.Г. аттуу ишкер кайрылып, кылмышкерлер тарабынан 385 миң доллардын тегерегинде материалдык зыян тартканын айткан. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иш козголгон.
Козголгон иштин алкагында көп жылдар бою ишкерлерден жана Кыргызстандын жарандарынан Кытайдан экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектеген товарларды мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштуруп жүргөн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган. Булардын ичинде Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде жаткан кылмышкерлер да болгон.
"Тергөөнүн жыйынтыгында транспорттук-логистикалык ишканага жана товар ээлерине уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү келтирген зыяндын орду толтурулду. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө уланууда", — деп билдирди маалымат кызматынан.
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп кармалган Мадина базарынын ээси, экс-парламентарий Турсунтай Салимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Көлбаевдин тобун каржылап, ишин колдоп турган. Салимовго тагылган айыптар
Жаңылыктар түрмөгү
0