Бишкектеги батирлердин баасы октябрда кандай болду? Инфографика

Жазылуу
2023-жылдын октябрь айында борбор калаадагы батирлердин баасы кандай өзгөргөнүнө байкоо салдык.
Sputnik Кыргызстан ачык булактардагы маалыматтарды талдап, борбор калаадагы батирлердин наркына баам салып турат. Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", индивидуалдуу жана мейманкана тибиндеги) орточо наркын көрсөтүп беребиз. Ошондой эле ичин өзү оңдоп ала турган элиталык батирлердин баасы тууралуу статистиканы чогултабыз.
Бул сапар баа 2023-жылдын октябрь айына карата кандай өзгөргөндүгүнө баам салдык. Материалды даярдоодо 713 жарнама каралган.
Кыймылсыз мүлк рыногундагы баа туруктуу эмес. Бир бөлмөлүү батирлер 500-2000 долларга кымбаттаса, эки бөлмөлүүлөрдүн 106-сериясы гана 600 долларга арзандаган. Кээ бир үч бөлмөлүүлөр батирлер 1000-8000 долларга арзандаса, калгандары 1500-4200 долларга кымбаттаган.
Ачык маалыматтарга таянсак, сентябрда бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 46 200 доллар (39 500 – 49 600 доллардын ортосу);
105-серия — 44 300 (36 500 – 65 000);
106-серия — 48 000 (41 900 – 59 800);
"хрущёвкалар" — 39 500 (31 000 - 43 500);
индивидуалдуу типтегилер (16дан 70 чарчы метрге чейин) — 42 000 ( 22 000 – 61 500);
"элитка" тибиндеги ичин өзү бүтүрүп ала турган батирлердин орточо баасы — 38 200 (20 000 - 69 000).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 55 500 доллар (46 500 - 62 000);
105-серия — 62 000 (40 000 - 72 000);
106-серия — 65 600 (44 800 - 82 500);
"хрущевка" — 47 500 (36 500 - 58 500);
индивидуалдуу типтегилер (40 - 102 чарчы метр ) — 59 000 ( 40 000 - 90 000);
"элитка" тибиндеги ичин өзү бүтүрүп ала турган батирлердин орточо баасы — 64 000 (40 000 - 132 500).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 65 000 доллар (56 500 - 77 300);
105-серия — 72 200 (55 000 - 115 000);
106-серия — 81 000 (61 900 - 96 500);
"хрущевка" — 60 300 (45 500 - 69 000);
индивидуалдуу типтегилер (49 - 148 чарчы метр) — 78 000 (48 000 - 219 000);
"элитка" тибиндеги ичин өзү бүтүрүп ала турган батирлердин орточо баасы — 84 000 (45 300 - 193 000).
Инфографикада биз үй ээлери сунуштаган орточо бааны көрсөтөбүз. Бул ашык-кеми жок, дал ушундай суммада сатылат дегенди түшүндүрбөйт. Мындан тышкары, орточо бааны чыгарууда бир же бир нече батирдин баасы роль ойноп коёрун белгилейбиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0