Сэндвич жеген. Жалал-Абадда тамакка ууланган деген окуучу көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековОруукана калатасы. Архивдик сүрөт
Оруукана калатасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
Ата-энесинин айтымында, бала сэндвич жегенден кийин абалы оорлошуп облустук ооруканага жаткырылган.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда тамакка ууланып ооруканага түшкөн окуучу көз жумганын аймактык ооруканадан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя Чокмор айылында катталган. Ата-энесинин айтымында, бала сэндвич жегенден кийин абалы оорлошуп облустук ооруканага жаткырылган. Андан тамакка ууланган белгилер байкалган. Тилекке каршы, үч күндөн кийин окуучу көз жумган.
Ботулизм — тамак-аш менен уулануунун эӊ коркунучтуу түрү. Тамакта ботулизм таякчасы пайда болгону даамынан, көрүнүшүнөн жана жытынан байкалбайт. Илдет эки саатта же 5-6 күндөн кийин билинет.
Ботулизмдин алгачкы белгилери: жүрөк айланып адамдын кускусу келет, тамак кургай бергендей сезилип, ичи өтөт. Ошондой эле тамак жута албай, көз караңгылашып, көрүү начарлайт, булчуңдар алсыз болуп калат. Эң коркунучтуусу — адамдын дем ала албай калышы, бул учурда тиешелүү көңүл бурулбаса адам 3-4 саат ичинде көз жумушу ыктымал. Оору өрчүп кетсе жадагалса суюктук ичүүгө мүмкүн болбой калат.
Общегородская продовольственная ярмарка во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2016
Консерваланган азыктан ууланганда эмне кылуу керек? Дарыгерлердин кеп-кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0