Палестина башчысы Газа боюнча араб мамлекеттерин чукул жыйын курууга чакырды

© AP Photo / Abed KhaledПалестиндер Газа секторунда аба Израилдин соккуларынан кийин талкаланган имараттарды текшерүүдө
Палестиндер Газа секторунда аба Израилдин соккуларынан кийин талкаланган имараттарды текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Жазылуу
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Палестина администрациясынын башчысы Махмуд Аббас Газа секторунун жашоочуларына жасалып жаткан израилдик агрессияны токтотуу үчүн араб мамлекеттеринин лидерлерин чукул саммитке чогулууга чакырды. Бул тууралуу Палестинаны бошотуу кыймылынын аткаруучу комитетинин Рамаллада өткөн жыйынынан кийин WAFA маалымат агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды.

“Президент Аббас араб өлкөлөрүнүн лидерлерин палестин элине каршы жасалып жаткан аёосуз агрессияны токтотуп, регионалдык жана эл аралык көйгөйлөрдү чечип, ошондой эле Иерусалимде жайгашкан борбор калаасы менен палестиналыктардын өз эли-жеринде күн кечирүүсүнө аракет кылуу үчүн чукул жыйынга чогултуу ниетинде”, — деп айтылат маалыматта.

Жыйында Аббас “ооруканалар аткыланып, Газанын жай тургундарынын кырылып жатканына, үч миңден ашуун палестиналык балдардын өлүмүнө кантип унчукпай карап турууга болот” деп суроо салды.
Мындан улам ал эл аралык коомчулук Израилден кан төгүүнү токтотушун талап кылышы керек деген пикирде. Ошону менен бирге эле Аббас палестиналыктарды “Израиль аскерлеринин Газа, Батыш жээк жана Иерусалимдин тургундарына каршы согушуна биримдикте туруштук берүүгө” чакырды.
“Газа палестин мамлекетинин Иордан дарыясынын Батыш жээги, Чыгыш Иерусалим сыяктуу эле ажырагыс бөлүгү бойдон кала берет. Иерусалим биздин түбөлүк борбор калаабыз”, — деди Аббас.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга туш болгондон кийин курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 7000ден ашты, 17 миң тургун жаракат алганы айтылууда. Израилде 1,4 миңдей киши көз жумуп, 5000ге чукул киши жарадар болгон.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулда өткөн Палестинаны долдоо митингинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Эрдоган: Газадагы кан төгүүгө АКШ, Батыш жана алардын камчысын чапкандар жоопкер
Жаңылыктар түрмөгү
0