Кыргызстан жана ШКУнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны 25-26-октябрда өтөт. ШКУга тогуз мамлекет кирет, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ, 14 мамлекет өнөктөш болуп саналат.

Садыр Жапаров: ШКУнун кеңейиши дүйнөлүк аренада уюмдун салмагын жогорулатат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга келген делегация башчылары менен жолукту
Мамлекет башчы Садыр Жапаров ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга келген делегация башчылары менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Президент акыркы эки жылда уюмду кеңейтүү иштери аткарылганын белгилеп, буга Ирандын кириши жана Беларустун ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары кабыл алынышы далил экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга келген делегация башчылары менен жолукканын президенттин маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга келген делегация башчылары менен жолукканын президенттин маалымат кызматы билдирди

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга келген делегация башчылары менен жолукканын президенттин маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга келген делегация башчылары менен жолукканын президенттин маалымат кызматы билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн өкмөт жана делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы катышкан

Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн өкмөт жана делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн өкмөт жана делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы катышкан

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров ШКУ эл аралык укук, тынчтык тартибин калыптандыруу үчүн жемиштүү кызматташууда ишенимдүү платформа катары иш алып барарын белгиледи

Жапаров ШКУ эл аралык укук, тынчтык тартибин калыптандыруу үчүн жемиштүү кызматташууда ишенимдүү платформа катары иш алып барарын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
3/3

Жапаров ШКУ эл аралык укук, тынчтык тартибин калыптандыруу үчүн жемиштүү кызматташууда ишенимдүү платформа катары иш алып барарын белгиледи

1/3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга келген делегация башчылары менен жолукканын президенттин маалымат кызматы билдирди

2/3

Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн өкмөт жана делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы катышкан

3/3

Жапаров ШКУ эл аралык укук, тынчтык тартибин калыптандыруу үчүн жемиштүү кызматташууда ишенимдүү платформа катары иш алып барарын белгиледи

Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн өкмөт жана делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы катышкан.
Жапаров ШКУ эл аралык укук, тынчтык тартибин калыптандыруу үчүн жемиштүү кызматташууда ишенимдүү платформа катары иш алып барарын белгиледи.
"Дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ШКУ өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Бул өлкөлөр эл аралык уюмдун жаңы жүзүн калыптандыруу менен өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатканын айта кетүү мен үчүн жагымдуу нерсе. Ушул контекстте ШКУнун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн позитивдүү ролун айткым келет. Ал терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө компетенттүү органдардын кызматташтыгына зарыл көмөк көрсөтүүдө", — деген ал.
Президент акыркы эки жылда уюмду кеңейтүү иштери аткарылганын белгилеп, буга Ирандын кириши жана Беларустун ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары кабыл алынышы далил экенин кошумчалаган. Ошондой эле уюмдун географиялык кеңейиши дүйнөлүк аренада ШКУнун эл аралык салмагын жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгилеген. Ал уюмдун алкагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган негизги сунуштарды жана приоритеттерди атады.
"ШКУнун ишмердүүлүгүндөгү приоритеттердин бири коопсуздук болуп саналат. Кыргызстандын Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду уюштуруу демилгесин эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү деп эсептейм. Уюмду кеңейтүүгө жасалган процессти эске алуу менен ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрүн биргелешкен долбоорлорго жана иш-чараларга активдүү катышууга тартуу маанилүү. Электрондук коммерция, жашыл экономика, соода, финансы, инвестициялар, маданий, гуманитардык байланыштар жана өлкөлөрүбүздүн өз ара кызыкчылыгына ээ болгон башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча алаканы күчөтүү зарыл", — деген президент.
Мамлекет башчы ШКУнун алкагында биргелешип иштешүү коопсуздук, терроризмге каршы күрөшүү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, маданият, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана башка көптөгөн тармактарды камтыганын кошумчалаган.
Эскерте кетсек, ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Индия, Өзбекстан, Тажикстан, Иран мүчө. Афганстан, Монголия жана Беларусь байкоочу макамына ээ. Дагы 14 мамлекет диалог боюнча өнөктөш болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды же дүйнө элинин 42 пайыздан ашыгын түзөт. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 45 триллион доллардан ашат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйыныда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУ премьерлеринин жыйыны. Акылбек Жапаров көтөргөн орчундуу маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0