Россиянын "кара тизмесинен" кантип чыгуу керек? Министрликтин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОоруканада кезекте турган киши. Архивдик сүрөт
Ооруканада кезекте турган киши. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Жугуштуу оорулардан улам 47 миңден ашык кыргызстандык "кара тизмеде".
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын "кара тизмесинен" кантип чыкса болорун айтып, жол-жобосу менен бөлүштү.
Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, сентябрдын аягында жугуштуу оорулардан улам 47 миңден ашык кыргызстандык "кара тизмеге" кирген.
"Кара тизмедеги" жаран Кыргызстанда болсо, төмөндөгү эрежелерди эске алышы шарт:
Мамлекеттик ооруканага анализ тапшырып, сифилис, кургак учук илдеттери менен оорубагандыгын тастыктаган маалым кат алуу;
Эркин формада өтүнүч менен Роспотребнадзордун электрондук дарегине кайрылышы шарт. Бул кайрылууга паспорт (эгер чет өлкөлүк паспорт болсо, паспорттун котормосу, оорунун жоктугу жөнүндө маалым кат) тиркелет;
Кайрылууда жашаган жеринин так дареги, почта дареги, Whatsapp номери, электрондук дарек көрсөтүлүшү керек. Анткени Роспотребнадзор арыз ээсине 30 күн ичинде кат жөнөтөт;
Кайрылуу боюнча Роспотребнадзор оң чечим кабыл алган соң жаран РФтин аймагына 1,5 айдан кийин гана кире алат. Министрлик кара тизмеден жаран өзүн сөзсүз текшерип коюшу керектигин эскертти.
Россияга барган соң жаран дарылануудан өтүшү зарыл. Андан соң Кыргызстандан алган ф-001 маалым каты жана паспортунун көчүрмөсү менен Роспотребнадзорго (Москва шаары, Графский көчөсү, 4-үй, корп. 2) барса, арыздын негизинде Россияга кирүүгө салынган тыюу алып салынат.
"Кара тизмедеги" жаран Москва шаарында болсо, төмөнкү эрежелерди эске алганы оң:
Роспотребнадзорго барып арыз жазат;
Кайрылууга паспорт (эгер чет өлкөлүк паспорт болсо, паспорттун котормосу, оорунун жоктугу жөнүндө маалым кат) тиркелет;
Кайрылууда жашаган жеринин так дареги, почта дареги, Whatsapp номери, электрондук дарек көрсөтүлүшү керек. Роспотребнадзор арыз ээсине 30 күн ичинде кат жөнөтөт;
Кайрылуу боюнча оң чечим кабыл алынган соң Роспотребнадзор кирүүнү үч айга убактылуу ачат;
Андан кийин Москва шаары, Ленин проспекти, 17 дареги боюнча Тери-венерологиялык диспансерде дарылануудан өтүү зарыл;
Дарыланган соң ф-001 маалым каты жана паспортунун көчүрмөсү менен Роспотребнадзорго барса, арыздын негизинде Россияга кирүүгө салынган тыюу алып салынары айтылды.
Мыйзамсыз миграцияга каршы туруу жана чет өлкөлүктөрдүн мыйзам бузуусуна бөгөт коюу маселелери боюнча ИИМ коллегиясынын жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Мигранттар арасында кылмыштуулук өсүүдө. РФ ИИМинин жетекчиси тапшырма берди
Жаңылыктар түрмөгү
0