Белекке алган батирге да салык төлөнөт. 10 пайыздык киреше салыгынын чоо-жайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКөп кабаттуу турак жайдын батириндеги эшиктин ачкычтары
Көп кабаттуу турак жайдын батириндеги эшиктин ачкычтары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Кыймылсыз же кыймылдуу мүлк сата турган болсоңуз, түшкөн кирешеден мамлекетке 10 пайыз салык төлөө каралган. Бул мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мааткасымов болду.
— Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатуудан 10 пайыз салык алынары тууралуу коомчулукта ар кандай пикир айтылууда. Түшүндүрүп берсеңиз?
— Алып сатуудан 10 пайыз киреше салыгы боюнча коомчулукта салыктын жаңы түрү киргизилди деген кептер айтылууда. Негизинен бул салык 2008-жылдагы Салык кодекси ишке киргенден бери каралган. Болгону буга чейин айрым мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууда маселе жаратып келген. 2022-жылы тийиштүү мекемелер санариптештирилип, маалымат алмашуу жеңилдеп, алына баштады. Ошондуктан элге салыктын жаңы түрүндөй сезилүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, бул салык, биринчиден, бир жылдын ичинде сатып же сатып алуу жүргүзүлгөндө колдонулат. Ошол эле учурда көрүлгөн пайдадан гана алынат. Мисалы, тургун 300 миң сомго автоунаа алып, аны оңдоп-түзөп, тетиктерин алмаштырып 50 миң сомдой сарптады дейли. Натыйжада унаанын наркы 350 миң сомго чыкты. Анан рынокто 400 миң сомго кардар чыкса, ошол үстүнө кошулган 50 миң сомунан гана киреше салыгы, башкача айтканда, 5000 сом гана алынат. Тетик алууга, аны оңдотууга кеткен чыгымын көрсөтүү жетиштүү болот. Башкача айтканда, жаран ошол 400 миң сомдон киреше салыгын төлөбөйт. Болгону чыгымдардын квитанция, чектерин сактап коюшу зарыл.
© Sputnik / Асел АкматМамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мааткасымов
Начальник отдела местных налогов Государственной налоговой службы КР Эрмек Мааткасымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мааткасымов
— Демек, мен сатып алган үйүмдүн үстүнө 100 миң же 150 миң сом кошуп сата турган болсом, ошол түшкөн пайдадан гана салык төлөйт турбаймынбы?
— Ооба. Коомдогу мүлктүн толук суммасынан салык алынат деген пикир жаңылыш. Быйыл 1-апрелден баштап жаңы кирген кодекстин негизинде бул салыктын түрү бир жылдын ичинде алып-сатуу болсо гана колдонулат. Ал эми бир жылдан ашырып саткандардан киреше салыгы алынбайт. Башкача айтканда, бул үй, батир, унаа же мал сатып оокат кылгандарга тийиштүү. Ал эми дүкөн, кафе өңдүү ишкерлик объектилерине бул мөөнөт каралган эмес. Он жылдан кийин сатса дагы киреше салыгын төлөйт.
— Белекке алган мүлктүн салыгы кандай болот?
— Белекке алган буюм сизге 100 пайыз киреше болуп эсептелинет. Бир үйдө жашаган бир туугандардын белегине бул салыктын түрү каралбайт. Эгер өзүнчө үй-бүлөсү бар агасы өз үй-бүлөсү менен бөлөк жашаган инисине белек катары кандайдыр бир мүлк өткөрүп берсе, анда киреше салыгы толук төлөнөт. Ал эми мураска калган мүлк убагында атайын мамлекеттик нотариустан өтөт. Ошол документтерди салык кызматы чакырган учурда көргөзүшүңүз кажет. Мындан киреше салыгы алынбайт.
Салык кызматкери 10% киреше салыгы кайсы учурда төлөнөрүн түшүндүрдү
— Азыр көбү унааны ишеним кат менен эле сатып жиберишет. Бул жагы кандай болот?
— "Унаа" мамлекеттик мекемеси менен байланышып, машинаңызды саткан учурда милдет сизге гана жүктөлөт. Мүлк сатууда ар кандай ыкмаларды колдонуп, жашырынуунун кереги жок. Андан пайда таппайсыз. Азыр көбү жасалма түрдө белек катары документтештирип жатыптыр. Мында эч кандай жеңилдик каралган эмес. Андан көрө ачык-айкын болгону жакшы. Киреше салыгы үй, батир, унаа, дүкөнгө эле эмес малга да каралат. Жалпысынан эмнени алып сатсаңыз баарына төлөйсүз. Сabinet.salyk.kg деген сайтыбыз бар. Жарандар андан жеке кабинетин ачып, мүлкүн текшерип турса болот. Анткени айрымдар жаңы унаа алып капарсыз жүрүп эле салык төлөө кагазы барса таң калышат. Ошол себептен баарын алдын ала билип, кабардар болуп турган оң.
— Жеке жактар тууралуу сөз кылып жатабыз. Ал эми юридикалык жактар боюнча кандай?
— Юридикалык жактарга киреше салыгынын тиешеси жок. Себеби юридикалык жактар жана коммерциялык багыттагы мекеме же транспорт каражаттары сатыла турган болсо, бир жылдык мөөнөт каралбайт. Юридикалык жактар бул салыктын түрүн пайда салыгы деп төлөйт. Же болбосо "алып сатуудан түшкөн салык" деп коёт. Жеке жактар менен мунун айырмасы чоң.
Товарды маркалоо процесси. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Товарды маркалоо ЕАЭБ алкагында экспортко шар чыгууга жол ачат. Маек
— Унаага унааны же үйгө үйдү алмаштырган учурда эмнени эске алуу керек?
— Бул каттоо мекемесине барган учурда каралат. Алмаштырган учурда бири үстөк кошуп бериши мүмкүн. Ошол үстөк баага салык алынат. Ич ара келишимдин негизинде унаалардын өзүнүн суммасы жазылат. Кадимкидей эле мүлк бааланып, алып сатуунун негизинде катталат. Азыр саткан сумманы жашырып койгон фактылар чыгууда. Мисалы, бирөө мүлкүн эки миллион сомго сатып, анын наркын жашырып бир миллион сом кылып жаздырып койгон. Сатып алган киши кийин мүлктү үч миллионго сатса, берки сатып алуучу сумманы толук жаздырышы мүмкүн. Мындай жагдайда жок жерден ашыкча акча төлөп каласыз. Ошол себептен этият болуу керек. Башкача айтканда, салык кызматын алдайбыз деп жатып, жашырып калган акчага жана өзүңүздүн кирешеңизге да салык төлөп каласыз.
— Кайсы учурда салык алынбайт?
— Эгер алган баада эле сатсаңыздар жана ата-энеден балага калган мүлк болсо салык алынбайт. Мураска калган мүлктүн да документтери мамлекеттик нотариустан өткөн болушу керек. Мисалы, атасы 2010-жылдары токтом менен жер алып аны оңдоп-түзөп, жаңы үй куруп, бирок үйдүн документтерин бүтүрбөй каза болуп калса, андан кийин жасаткан документтер жаңы болуп эсептелинет. Аны саткан учурда киреше салыгы төлөнүп калат. Себеби ушуга чейин алар тиешелүү документтердин бирин да жасаган эмес. Ар бир жаран биздин кызматтын ишин, салыктын түрлөрүн, реформаларды билип, сайтка кирип таанышып турушу абзел.
— Үй куруп, аны кайра бир жылдын ичинде сата турган болсом, кеткен курулуш материалдарынын чегин сактап коюшум керекпи?
— Ооба, сөзсүз. Себеби жеке акчаңызга үй курдуңуз. Анан ошол үйдү сатууда өзүңүздүн акчаңызга киреше салыгын төлөп калып жатпайсызбы. Азыр бир үй салуу үчүн эбегейсиз чоң суммадагы акча кетет. Кайсы бир фирма менен үй салсаңыз, алар сизге бардык чыгымды көргөзүп берүүсү тийиш.
Май куюучу жайда адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Бензиндин литрине бир сом кошуу сунушталды. Акча кайда жумшаларына түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0