Путин Кытайдагы форумга катышуу үчүн Пекинге келди. Видео

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин учактан түшүп баратат
Россиянын президенти Владимир Путин учактан түшүп баратат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
Кремлден Путин менен Си Цзиньпин маңдай-тескей отуруп сүйлөшүүсү ыктымал деп айтышты.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кытайга эки күндүк сапар менен келген Россия лидери Владимир Путин Пекинде "Бир алкак — бир жол" форумуна катышып, сөз сүйлөйт.
РИА Новости РФ президенти, андан сырткары, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен кездешерин билдирди.
Путиндин сапары боюнча видеону РИА Новости Telegram каналына жарыялады.
Путиндин аба кемеси "Шоуду" эл аралык аэропортуна конгон.
Алгач анын Вьетнам президенти Во Ван Тхыонг, андан кийин Таиланддын премьер-министри Сеттха Тхависин менен сүйлөшөрү айтылды. Жолугушчулардын тизмесинде Монголия президенти Ухнагийн Хурэлсух, Лаос лидери Тхонглун Сисулиттин да ысымдары аталды.
Путин "Бир алкак — бир жол" форумуна башкы конок катары чакырылган. Ал 18-октябрда форумда Си Цзиньпинден кийин экинчи болуп сүйлөйт.
Ал эми аталган эки лидердин жолугушуусу 18-октябрга пландалган. Күн тартибинде эки тараптуу алакалар, адилеттүү көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу боюнча маселелер каралган. Саясатчылар кеңири жана тар курамда кездешет. Кремлден Путин менен Си Цзиньпин маңдай-тескей отуруп сүйлөшүүсү да ыктымал деп айтышты.
РФ президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Путин: ЕАЭБ менен Кытай кызматташтыгы барган сайын күч алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0