18-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Бишкектеги Манас эстелигинин фонунда саргайган жалбырактар
Бишкектеги Манас эстелигинин фонунда саргайган жалбырактар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
18-октябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. 18-октябрь, шаршембиде, күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас жана Нарын облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +18...+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +13...+18 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +21...+23 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Бишкектеги сейил бактардын бириндеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Кыргызстандын кайсы облусунда калк жыш жайгашкан
Жаңылыктар түрмөгү
0