Өлкөдө 160 миңдей адам көз ооруларынан жабыркайт. Көйгөйдү алдын алуу жолдору

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОфтальмологдун кабинетиндеги көрүү курчтугун текшерүү үчүн Сивцевдин таблицасы
Офтальмологдун кабинетиндеги көрүү курчтугун текшерүү үчүн Сивцевдин таблицасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 160 миңге жакын адам көздүн ар кандай илдеттери менен ооруйт. Алардын 36 907си балдар.
Мекемеден белгилегендей, бул 2022-жылга карата жасалган статистика.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 2 миллиарддан ашык адам көрүүсү начарлыгынан жабыркайт.
Министрлик өз убагында дарыгерге кайрылуу — сокурдуктун жана көздүн патологиясын алдын алуунун маанилүү жолу экенин эскертти.
Ден соолук сакчылары көздүн көрүүсүн сактоонун жөнөкөй жолдорун сунушташты:
Экранда иштеп жатканда көздүн чыңалуусу менен баш оорунун алдын алуу үчүн "20-20-202" эрежесин колдонуңуз. 20 мүнөт иштеген соң 20 фут (6 сантиметр) аралыктан кичинекей объектини 20 секунддай карап туруу сунушталат.
Сыртка чыкканда күндөн коргоочу көз айнек, шляпа кийүү сунушталат. Бул көзгө зыян тийгизе турган ультрафиолет нурларынын терс таасирин азайтат;
Көздү маал-маалы менен текшертип туруу зарыл;
Ширетүү иштеринде же химиялык заттар менен иштөөдө, чамындылар чыккан жумуштарда коргоочу көз айнектерди тагынуу кажет;
Чылым чегүүнү таштоо керек.
Көз айнек таккан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Көздүн көрүүсүн начарлаткан күнүмдүк адаттар
Жаңылыктар түрмөгү
0