КМШ өлкөлөрүн мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
12-13-октябрда Кыргызстандын борбор калаасында саммит өтөт. Ага КМШ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.

Путин: борбору Чыгыш Иерусалимде болгон көз карандысыз Палестинаны түзүү зарыл

© AFP / MAHMUD TURKIAЛивияда Палестина эли менен тилектештик маршы
Ливияда Палестина эли менен тилектештик маршы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
АКШнын Европадан келген сателлиттердин колдоосу менен Жакынкы Чыгыштагы жөнгө салуу укугун монополизациялоого аракет кылып келери айтылды.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган БУУнун формуласын ишке ашырууну Россия жактайт. АКШнын бир жактуу саясаты кырдаалды туңгуюкка кептеди. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШ өлкө президенттеринин саммитинде билдирди.
Анын айтымында, Россия мамиле түзүүгө ынтызар болгон өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр. РФ Палестина-Израиль чатагын чечүүнүн сүйлөшүү жолунан башка ыкмасы жок деген позицияны карманат.
"Башкы максат борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүүнү камтыган формуланы ишке ашыруу болушу керек. Ал болуп көрбөгөндөй соккуга кабылып, мындан улам коргонууга аргасыз болгон Израиль менен тынчтыкта жашашы зарыл", — деген Путин.
РФ лидери Израиль менен Палестина эли башынан кечирип жаткан апаат АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ийгиликсиз саясатынын натыйжасы экенин билдирди.
Анын айтымында, АКШ Европадан келген сателлиттердин колдоосу менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу укугун монополизациялоого аракет кылган. Өлкө башчы америкалыктардын бир жактуу саясаты туңгуюкка кептегенин айтты.
Путин Россия жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин кошумчалады.
Газа шаарында Израилдин аба соккусунан жабыркаган имараттардын урандыларынын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
БУУнун агенттиги ыкчам борборун Газа секторунун түштүгүнө көчүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0