Катуу суук түшөбү? Ноябрга карата аба ырайы

© AFP / FREDERIC J. BROWNЖамгыр учурунда кол чатыр кармаган аялдар көчөдө бара жатышат. Архив
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган аялдар көчөдө бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Тоолуу аймактарда кээ бир күндөрү түнкүсүн -19…-24 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги ноябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын айлык температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометСреднемесячная температура воздуха и количество осадков в Кыргызстане в ноябре 2023 года
Среднемесячная температура воздуха и количество осадков в Кыргызстане в ноябре 2023 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 3…5, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -1… +1 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 1…6га чейин, күндүз 3…8ден 13…18ге чейин өзгөрүлүп турат.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден 0…5ке чейин, күндүз 1…6дан 10…15ге чейин өзгөрүшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (Чүй өрөөнүндө 40-49 мм, тоо этектеринде 23-37 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде кармалып 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9дан 1…6га чейин жетип, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (28-29 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин, күндүз 4…9дан 14…19га чейин өзгөрөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин жетиши күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 29-44 мм, тоо этектериндеги райондордо 28-30 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин, күндүз 4…9дан 14…19га чейин өзгөрөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин жетиши күтүлөт.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 12…17 градуска көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 56-58 мм, тоо этектериндеги райондордо 51-96 мм, Токтогул районунда 25-27 мм).
Россиялыктарды суктандырган кыргызстандык келин. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Россиялыктарды суктандырган кыргызстандык келин. Видео

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин, күндүз 4…9дан 14…19га чейин өзгөрөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (өрөөндөрүндө 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 33-35 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 1…3, чыгышында -1…+1ге жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 2…7ге чейин, күндүз 0…5тен 9…14кө чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (1-17 мм, чыгышында 24-46 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде кармалат, -1…-3 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12, -2… +3кө чейин, күндүз -1…+4төн 9…14кө чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (4-15 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп -6…-8 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -12…-17ден -3…-8ге чейин, күндүз -1…-6дан 0…5ке чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (21-23 мм).

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп -2…-4 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн 0…-5ке чейин өзгөрүлүп турат. Күндүз 0…5тин тегерегинде болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (35-37 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде кармалат, -6…-8 градус суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18ден -2…-7ге чейин, кээ бир күндөрү түнкүсүн -19…-24 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -5…-10дон 0…5ке чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (18-20 мм).
Ысык-Көл облусунда ЖККУнун Бузулбас боордоштук — 2023 машыгуусу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
ЖККУнун Ысык-Көлдө өткөн "Бузулбас боордоштук" машыгуусунан сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0