ХАМАС бир үйгө коюлган чабуул үчүн бирден туткундун башын алып турарын айтууда

© AP Photo / Adel HanaГазадагы Израильдин соккуларынын кесепеттери
Газадагы Израильдин соккуларынын кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Маалыматты ХАМАСтын аскер канатынын “Ал-Кассам" бригадасынын өкүлү айткан.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Палестинадагы ХАМАС кыймылы Тель-Авивдин Газа секторуна, ар бир үйгө коюлган чабуулу үчүн бирден туткундун башын аларын айтты. Бул туурасында РИА Новости "Аль-Жазира" телеканалына шилтеме кылып жазды.
Мындай маалыматты ХАМАСтын аскер канатынын “Ал-Кассам" бригадасынын өкүлү Абу Убайда айткан.
“Ушул учурдан тарта жай тургундарга жана алардын үйлөрүнө алдын ала эскертүүсүз кол салуу болсо, тилекке каршы, душмандын колго түшүрүлгөн ар бир кишисин өлүм жазасына тартуу менен жооп берерибизди жарыялайбыз жана жазалоону аудио жазып уктуруп, видеого тартып көрсөтөбүз”, — деген ал.
Израиль бийлиги ХАМАСтын чабуулу учурунда туткунга алынгандардын саны тууралуу так маалымат бере элек. Буга чейин Израилдин АКШдагы элчилиги 100дөн ашуун адам барымтага алынганын билдирген.
Ишемби күнү эртең менен Израиль Газа секторунан буга чейин болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга дуушар болгон. Израиль армиясынын маалымат кызматы 3 миңден ашуун ракета атылып, чек ара райондоруна ХАМАСтын согушкерлери кирип барганын билдирген.
Палестинанын ХАМАС кыймылынын аскердик канаты ишембиде Израилге каршы "Аль-Акса топон суусу" деп аталган операция жүргүзүп жатканын жар салган. Израиль армиясы Газа секторунда ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Палестина менен Израиль чыры ондогон жылдардан бери тараптардын аймактык кызыкчылыктарынан улам уланып келет. 1947-жылы СССРдин активдүү катышуусу жана БУУ тарабынан Израиль жана Палестина деген эки мамлекетти түзүү чечими чыкканы менен Израиль өлкөсү гана пайда болгон. Тель-Авив эки өлкөнүн принциптерин колдоп, бирок Палестинанын аймактарын толук бошотуп берген эмес.
Израилдин аба күчтөрү Газа секторуна сокку урду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Израиль "40 Алеф" пунктун киргизип, расмий түрдө согуш жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0