00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу. Путиндин жообу

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүГЭСтеги агынды суу. Архив сүрөт
ГЭСтеги агынды суу. Архив сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
РФ президенти энергетика, суу маселесин чечүүдө экология көз жаздымда калбашы керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрүндө курч турган газ, энергетика жана суу маселелеринин баарын чечүүгө болот. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун ХХ жыйынында сүйлөп жатып айтты.
РФ лидерине кыргызстандык эксперт, "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун аткаруучу директору Кубат Рахимов суроо берген. Ал Россия, Казакстан жана Өзбекстан түзгөн газ союзунун ийгилигин белгилеп, Борбор Азияда олуттуу көйгөйгө айланып бара жаткан суу жана энергетика маселесине токтолгон. Рахимов РФ лидеринен "суу жана энергетика союздарын түзүүгө жана куралдуу жаңжалдар менен социалдык туруксуздукту алдын алуу үчүн Россиянын модератор болуусуна кандай карайсыз?" деп собол салган.
Путин Россия буга чейин Борбор Азияга газ жеткирип көрбөгөнүн, совет мезгилинде, тескерисинче, Борбор Азиядан эки түтүк аркылуу жөнөтүлүп келгенин белгиледи.

"Азыр Борбор Азиядагы досторубуздун экономикасынын өсүшү жана жалпы климаттын өзгөрүшү менен аталган мамлекеттер Россиядан газ алуу ниетин билдиришти. Бул маселени биргеликте иштеп чыктык. Казакстан да, Өзбекстан да түтүк системасынын өз бөлүгүн калыбына келтиришти. "Газпром" эми Россиянын аймагында айрым техникалык мүмкүнчүлүктөрдү азыркыга ыңгайлаштырышы керек. Техникалык жактан иштер аткарылды, октябрда чакан көлөмдө газ жөнөтүлө баштайт. Бара-бара көбөйтөбүз", — деди Путин.

РФ президенти энергетика, суу маселесин чечүүдө экология көз жаздымда калбашы керектигин белгиледи.
"Энергетика, суу — мунун баары экономикалык жана финансылык жактан татаал болгону менен чечиле турчу маселелер. Албетте, экология унутта калбашы керек. Бул маселелердин баары биздин жадыбызда, Кыргызстан менен да сүйлөшүлүп келет. Иштеп жатабыз. Премьер-министр менен да дайым талкуулап келебиз. Жакында КМШ саммити өтөт, ал жактан да жолугабыз деген үмүттөмүн. Баары күн тартибиндеги маселелер, Борбор Азия мамлекеттери үчүн олуттуу мааниге ээ экенин түшүнөбүз", — деди өлкө башчы.
Эскерте кетсек, "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйыны 2-5-октябрь күндөрү Сочи шаарында өттү. Быйыл талкуу "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада уюштурулган.
“Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.

Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии Международного дискуссионного клуба Валдай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Эч кимдин дүйнөнү башкарууга укугу жок. Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары
Жаңылыктар түрмөгү
0