https://sputnik.kg/20250113/1091378029.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узардыТрамп Россияны Украинанын мурунку жерлеринен сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп... 13.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-13T11:00+0600
2025-01-13T11:00+0600
2025-01-13T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091377897_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_69d9eddc7a6073011c92160433e665b9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узардыТрамп Россияны Украинанын мурунку жерлеринен сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейтМинкаб төрагасы иш сапары менен Гонконгго барды. Алдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын административдик району Гонконгго жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Визиттин алкагында минкаб төрагасы жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес-өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык иш-чара деп эсептелген Азия каржы форумуна катышат. "Форумдун алкагында Касымалиев негизги баяндамачылардын бири катары сөз сүйлөп, эл аралык каржыга, Кыргызстандын экономикалык өнүгүү келечегине жана анын аймактык экономикалык процесстердеги ролуна байланыштуу актуалдуу маселелерди козгойт. Инвестицияларды тартууга жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Гонконгдун атайын административдик районунун башчысы, ошондой эле бир катар ири банк жана каржы институттарынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар болмокчу.
Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жөнгө салууну 90 күнгө узартуу чечими 11-январда кабыл алынган. Буга чейин 2024-жылдын 15-сентябрынан тарта 90 күнгө көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Бул чара көмүрдүн негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калкты жеткиликтүү отун менен камсыз кылуу максатында киргизилди. Бул мезгилде көмүрдүн баасы белгиленген чектен ашпоосу керек. "Көмүрдүн баасы региондорго жараша айырмаланып, казып алуу жеринен сатуунун түйүндөрүнө чейинки аралыкка, жеткирүү чыгымына, ошондой эле казып алуу ыкмаларына байланыштуу болот. Мисалы, шахталык ыкма менен казылып алынган көмүрдүн өздүк баасы жогору болсо, ачык ыкма менен алынган көмүр арзан болот", — деп жазылган маалыматта. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөрү кошумчаланган. Азыркы баа менен да таанышып алсаңыз болот.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин Украинага таандык болуп келген аймактардан, анын ичинде Крымдан Россияны сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц ABC телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Украин жеринен, анын ичинде Крым да бар, россиялыктарды чыгаруу мүмкүн эмес. Трамп бул реалдуулукту моюндады, эми бүт дүйнө жүзү муну түшүнө баштаганы маанилүү деп ойлойм", — деген Уолц. Анын айтымында, ок атууну токтотуу жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө карай кадам болмок. Жаңы шайланган президенттин кеңешчиси Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусуна даярдык көрүлүп жатканын кабарлап, лидерлер "жакынкы күндөрү же жакынкы апталарда" сүйлөшүп калышы мүмкүн экенин айткан.
АКШнын Калифорниясында чыккан өрттөн кеминде 24 адам каза болгонун Лос-Анжелестин Соттук-медициналык департаментинин эсебине таянуу менен ABC News телеканалы билдирди. Буга чейин 16 кишинин набыт болгону айтылган. Лос-Анжелесте 7-январда башталган токой өртү штаттын тарыхындагы эң эле апааттуу каргаша болуп калды. Бийликтин маалыматы боюнча, жалын 16 миң гектар жерди жалмаган. 12,3 миң ар кандай курулуш жок болду. Метеорологдор өрттү шамал да күчөтүп жатканын айтышууда.
Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узардыТрамп Россияны Украинанын мурунку жерлеринен сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейтМинкаб төрагасы иш сапары менен Гонконгго барды. Алдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын административдик району Гонконгго жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Визиттин алкагында минкаб төрагасы жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес-өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык иш-чара деп эсептелген Азия каржы форумуна катышат. "Форумдун алкагында Касымалиев негизги баяндамачылардын бири катары сөз сүйлөп, эл аралык каржыга, Кыргызстандын экономикалык өнүгүү келечегине жана анын аймактык экономикалык процесстердеги ролуна байланыштуу актуалдуу маселелерди козгойт. Инвестицияларды тартууга жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Гонконгдун атайын административдик районунун башчысы, ошондой эле бир катар ири банк жана каржы институттарынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар болмокчу. Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жөнгө салууну 90 күнгө узартуу чечими 11-январда кабыл алынган. Буга чейин 2024-жылдын 15-сентябрынан тарта 90 күнгө көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Бул чара көмүрдүн негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калкты жеткиликтүү отун менен камсыз кылуу максатында киргизилди. Бул мезгилде көмүрдүн баасы белгиленген чектен ашпоосу керек. "Көмүрдүн баасы региондорго жараша айырмаланып, казып алуу жеринен сатуунун түйүндөрүнө чейинки аралыкка, жеткирүү чыгымына, ошондой эле казып алуу ыкмаларына байланыштуу болот. Мисалы, шахталык ыкма менен казылып алынган көмүрдүн өздүк баасы жогору болсо, ачык ыкма менен алынган көмүр арзан болот", — деп жазылган маалыматта. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөрү кошумчаланган. Азыркы баа менен да таанышып алсаңыз болот.АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин Украинага таандык болуп келген аймактардан, анын ичинде Крымдан Россияны сүрүп чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц ABC телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Украин жеринен, анын ичинде Крым да бар, россиялыктарды чыгаруу мүмкүн эмес. Трамп бул реалдуулукту моюндады, эми бүт дүйнө жүзү муну түшүнө баштаганы маанилүү деп ойлойм", — деген Уолц. Анын айтымында, ок атууну токтотуу жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө карай кадам болмок. Жаңы шайланган президенттин кеңешчиси Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусуна даярдык көрүлүп жатканын кабарлап, лидерлер "жакынкы күндөрү же жакынкы апталарда" сүйлөшүп калышы мүмкүн экенин айткан.АКШнын Калифорниясында чыккан өрттөн кеминде 24 адам каза болгонун Лос-Анжелестин Соттук-медициналык департаментинин эсебине таянуу менен ABC News телеканалы билдирди. Буга чейин 16 кишинин набыт болгону айтылган. Лос-Анжелесте 7-январда башталган токой өртү штаттын тарыхындагы эң эле апааттуу каргаша болуп калды. Бийликтин маалыматы боюнча, жалын 16 миң гектар жерди жалмаган. 12,3 миң ар кандай курулуш жок болду. Метеорологдор өрттү шамал да күчөтүп жатканын айтышууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091377897_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7253bee10fbb4d73af34aca3f817a3f5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио