Өлкөнүн түштүгүндө кытайлык адистер 338 адамдын көзүнө акысыз операция жасады

© Фото / пресс-служба Минздрава КР“Экспресс ден соолук - жаркын саякат” долбоорунун алкагында Ош шаарында катаракта менен ооруган 300дөн ашык бейтапка ийгиликтүү операция жасалды
“Экспресс ден соолук - жаркын саякат” долбоорунун алкагында Ош шаарында катаракта менен ооруган 300дөн ашык бейтапка ийгиликтүү операция жасалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Жазылуу
Долбоорду жыйынтыктап жатып медиктер Ош облустук ооруканасына 8 миллион сомдук жабдууларды тапшырган.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош шаарында кытайлык адистер катаракта менен ооруган 300дөн ашык бейтаптын көзүнө ийгиликтүү операция жасады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
"Экспресс ден соолук — жаркын саякат" долбоору менен келген дарыгерлер 18-29-сентябрь күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундарын тейлеген.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРЗакрытие проекта "Экспресс Здоровье: яркое путешествие" в Оше
Закрытие проекта Экспресс Здоровье: яркое путешествие в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Анын алкагында 338 бейтапка катаракта боюнча бекер операция жасалып, 100гө жакын адам текшерүүдөн өтүп, кеп-кеңештерди алышкан. Операциянын ар бир этабы заманбап медициналык технологияларды колдонуу менен жана тажрыйбалуу офтальмологиялык хирургдардын көзөмөлүндө жүргүзүлгөнү белгиленди.
Сапарын жыйынтыктап жаткан долбоордун жетекчиси Гуо Лей Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына баасы 8 миллион сомдон ашык офтальмологиялык жабдууларды өткөрүп берүү сертификатын тапшырган. Алар жарык берүүчү лампа, AV сканер, кератометр, контактсыз тонометр жана асферикалык линзалар.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытай өкмөтүнө медицина тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө үмүт арткан.
Аталган долбоордун алкагында буга чейин Бишкекте дагы 300 адамдын көзүнө акысыз операция жасалган.
УЗИде текшерип аткан врач. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Өлкөдө аялдардын ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык акция жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0