Чемпиондор жакшы тосулган жок. Жапаров Байсалов менен Максутовго нааразы болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Белградда өткөн дүйнө чемпионатынан кыргызстандык балбандар үч алтын, бир күмүш, бир коло медаль менен кайтып, жалпы командалык эсепте Япония менен АКШдан кийинки абройлуу үчүнчү орунду ээлешкен.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго эскертүү бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов - Sputnik Кыргызстан
1/2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов - Sputnik Кыргызстан
2/2

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов

1/2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

2/2

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов

Тиешелүү тескемеге мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров кол койгон.
Чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынганы айтылды.
Эскерте кетсек, Белградда өткөн дүйнө чемпионатынан кыргызстандык балбандар үч алтын, бир күмүш, бир коло медаль менен кайтып, жалпы командалык эсепте Япония менен АКШдан кийинки абройлуу үчүнчү орунду ээлешти.
Садыр Жапаров байгелүү кайткан балбандарга акчалай сыйлык тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Садыр Жапаров байгелүү кайткан балбандарга акчалай сыйлык тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0