Россия министрлиги: ШКУ ЕАЭБдин оң тажрыйбаларына көңүл бурат

© Фотохост-агентство sco-russia2020.ru / Медиабанкка өтүүРоссиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Владимир Ильичев. Архивдик сүрөт
Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Владимир Ильичев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Министрдин орун басары соода маселелеринде туруксуздук өкүм сүрсө жана алдын ала билип, караштыруусуз глобалдуу өнүгүү такыр эле болбой турганын белгиледи.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Евразиялык экономикалык союздун (ЕАЭБ) оң тажрыйбаларына көңүл буруп, аны карап чыгышы мүмкүн. Бул туурасында Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Владимир Ильичев билдирди.
Кыргызстандын борборунда ШКУнун тышкы экономика жана тышкы соода тармагына жооп берген министрлеринин жыйыны өтүүдө.
Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары учурда финансы тармагындагы, биргелешкен эсептешүү системасындагы кооперацияны өнүктүрүп, улуттук валюта менен өз ара эсеп-кысап жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды чечүү өзгөчө маанилүү болуп тургандыгын белгиледи.
"Бул абстракттуу көйгөйлөр эмес, конкреттүү милдеттер. Биздин көз карашыбызда эл аралык сооданы туруктуу шарттар менен камсыздаш үчүн биргелешип иш алып баруу лаазым. ШКУнун мүчөлөрү ЕАЭБдин оң тажрыйбаларын алса болот. Союздун алкагындагы өнөктөштөр менен бүтүндөй биримдикте улуттук валюта аркылуу эсеп-кысап жүргүзүүнү өнүктүрүп жатабыз. Көз карандысыз төлөм инфраструктурасына өтүүдөбүз. ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен союздун ичинде 90 пайыз улуттук валюта менен эсептешип калдык. Муну дагы өнүктүрүү үчүн биржа соода-сатыгын арбытабыз. Мындай кадамдарды да ШКУнун аймагында жайылтуу керек деп эсептейбиз", — деди Ильичев.
Министрдин орун басары соода маселелеринде туруксуздук өкүм сүрсө жана алдын ала билип, караштыруусуз глобалдуу өнүгүү такыр эле болбой турганын белгиледи. Татаалдыктарга карабастан Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) бардыгы үчүн эл аралык сооданын негизи болуп каларын айтты. Аны менен катар эле аталган уюмга реформа керектигин кошумчалады. Анын пикиринде, ДСУ ар тараптуу соодага болгон кооптуулуктарга өз учурунда жана натыйжа чыккандай жооп берүүсү зарыл.
"Инклюзивдүү уюмдарды бекемдеш керек. Жасалма обочолонуу жана мүчөлөрдүн бири экинчисине үстөмдүк кылып турса чыныгы глобалдуу өнүгүү болбойт", — деди Ильичев.
Ал коронавирус пандемиясы менен санкциялар Евразия аймагында мурда кийинкиге калтырылган интеграциялык процесстерге кесепетин тийгизип, тоскоолдук жаратканын айтты.
"Ал арада ШКУнун мүчө-мамлекеттери жаңы кооптуулуктарга каршы турууга жөндөмдүү экенин далилдешти, муну биздин тышкы соода мамилелерибиздеги динамика көрсөтүп турат. Өткөн жылы Россиянын уюмдун өлкөлөрү менен болгон соода көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 37 пайызга өсүп, көрсөткүч 263 милилард долларга жетти. Быйылкы жылдын январь-июлунда РФтин КМШ өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүү көлөмү 36 пайызга жогорулап, 180 миллиард долларды түздү. Мунун баары мурдагы калыбыбызда эле биздин өлкөлөр ортосунда соода көлөмүбүздү көбөйтүп жатканыбыздан кабар берет", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Шанхай кызматташтык уюмун мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
ШКУнун алкагы кеңейген сайын Евробиримдик аны менен эсептешүүгө аргасыз болот. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0