Кыргызстан ШКУдагы сатуучу менен кардарлардын онлайн жолугушуусун демилгеледи

© Sputnik / Ольга Балашова / Медиабанкка өтүүШанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин желектери. Архив
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аймагындагы сатуучулар менен сатып алуучулардын онлайн жолугушуусун өткөрүү боюнча концепция сунуштады. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Белгилей кетсек, Бишкекте ШКУнун тышкы экономикага жана тышкы соодага жооп берген министрлеринин жыйыны өтүп жатат.
© Фото / пресс-служба Минэкономики КРСовещание министров стран ШОС в Бишкеке
Совещание министров стран ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Амангелдиев идиштеги суунун экспортуна арналып аралаш форматта өтө турган жолугушууга кызыккан тараптардын баарын чакырды. Иш-чара качан өтөрү айтылган жок.
"Демилге региондогу электрондук соода жаатындагы байланыштарды бекемдөөгө, онлайн-платформаларды түзүүгө өбөлгө болот деп ишенем", — деди министр.
Амангелдиев өз сөзүндө инфраструктуралык долбоорлордун потенциалын белгиледи.
"Биз өлкөлөр ортосундагы байланышты жакшыртып, жүктөрдүн ары-бери ыңгайлуу өтүшү үчүн транспорттук коридорго байланышкан долбоорлор боюнча иштеп жатабыз. ШКУ мамлекеттерин бул тармактагы кызматташтыкты колдоп, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга чакырабыз. ШКУнун экономикалык потенциалын дүйнөлүк аренада илгерилетүү үчүн Шериктештиктин эл аралык транспорттук-логистикалык системага интеграциялашуу процессин ылдамдатуу зарыл. Деңизге жолу жок жана эл аралык рыноктон өтө алыс жайгашкан Кыргызстан үчүн бул маселе өтө маанилүү", — деди министр.
Первый Саммит глав государств Центральная Азия и США в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жапаров БА жана АКШ саммитинде Кыргызстандын артыкчылыгы эмнеде экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0