Ош ОИИББде кызматтык үйлөр туура эмес бөлүштүрүлгөнү аныкталып, үч киши кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРОш облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө жасалма документтерди жасагандыгы үчүн кармалды
Ош облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө жасалма документтерди жасагандыгы үчүн кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Иш мындан эки жыл мурун козголгон. Бирок кызматкерлердин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө документ жасалмалаганы үчүн Ош облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармалганын УКМК билдирди.
220 батирлүү турак жай Ош шаарында 2021-жылы милиция кызматкерлери үчүн курулуп, ачкычтар тапшырылган. Бирок укук коргоо органдарына батирлер мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү боюнча көп даттануу түшкөндүктөн кылмыш иши козголуп, кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.
"Бирок Башкы прокуратура тарабынан иш кайрадан козголуп, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-жылы Ош облустук ИИБдин транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалынан пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушканы аныкталган. Андан кийин Турак жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп, документтерди бурмалап кезекте турбаган адамдарды алдыңкы катарга киргизишкен", — деп айтылат маалыматта.
Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана Д.А.К. аттуу кызматкер кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкек шаардык сотунун судьясынын пара алып жаткан жеринен кармалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Пара алууга шектелген судья тергөө абагына киргизилди. Иштин чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0