Жаап-жашыруу аракети... Батыш "Түндүк агымдагы" жардыруунун чындыгынан чочулайт

© Фото / Danish Defence"Түндүк Агым 2" газ түтүгүндө газдын агып кеттиши. Архивдик сүрөт
Түндүк Агым 2 газ түтүгүндө газдын агып кеттиши. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Туура бир жыл мурун Балтика деңизинин түбүндө "Түндүк агым" газ түтүктөрү жардырылган. Тергөө андан бери европалык инфраструктуранын мынчалык маанилүү объектисине чабуул койгон кылмышкерлердин изин жөн эле таап коймок...
Бирок Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров белгилегендей, маанилүү фактылар жашырылып, кезектеги жалган "далилдер" коомчулукка сунулганы турат окшойт. Ал эми анын негизинде өздөрүнүн геосаясий схемаларын түзүп чыгышат өңдүү. Серепчи Владимир Корниловдун ушул маселенин тегерегиндеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Россиялык министр ушундай эле жаап-жашырылып келе жаткан: Бучадагы жай тургундардын өлтүрүлүшү, Солсбериде Скрипалдардын ууланышы, Навальныйдын иши, Тольятти — Одессадагы аммиак түтүгүнүн жарылышы жана башка ушул өңдүү бир катар иштерди санап өттү.
Баары көз көрүнөө болуп, газ түтүктөрүнүн тагдыры боюнча АКШнын мамлекеттик үлкөн ишмерлеринин ачык билдирүүлөрү, ачык фактылар жайнап, ал түгүл Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херштин толук иликтөөсү турса да адатынча мындай учурларда Батыштын маалымат каражаттары "иш табышмак бойдон калууда" деген түр көрсөтүп тим болушат.
Башында Херштин иликтөөсүнүн корутундуларын Батыштагылар жөн гана көз жаздымда калтыргысы келген, бирок кийин окуя кызып турганын аңдап, АКШга каршы айыптоолордун нугун Украинага – кандайдыр бир "украиналык активисттерге" карай бура салышкан.
Херш чыгарган бүтүмдөрдөн коомчулуктун көзүн жазгыруу үчүн Батыш Украинанын жардыруу пландары туурасында ошол терактылардан бир нече ай оболу голландиялык атайын кызматтар Борбордук чалгындоо башкармалыгына (ЦРУ) маалымдаганын айтып чыгышты. Эгер чындап эле АКШ да, Европа да алдыдагы украиналык диверсиялардан кабардар болсо, андайга бөгөт болууга эмне жолтоо болду? Бирок, жо-ок, ыңгайсыз суроолор аларга узатылбайт эмеспи!
Эми тергөөчүлөр быйыл жыл аягына дейре ишти тергеп бүтүүгө үмүттөнүп жатышканын билдиришти. Тагыраак, швед прокурору Матс Люнгквисттин ушул сөзүн Батыш маалымат каражаттарынын көпчүлүгү кайталады. Ачыгы, кимдир бирөөгө айып тагылабы же ишти иликтөө жөн эле токтотулабы, так айтылган жок. РФ тышкы иштер министри айтмакчы, ишти жаап-жашырып коюшат окшойт.
Бирок андай аракеттерге Россия катуу каршы турары бышык, бул үчүн ал жардыруунун бир жылдыгы боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешин чакырды. Балтика деңизиндеги диверсияны ким уюштуруп, ким ишке ашырганы жаатында Россиянын эч качан эч кандай деле шектенүүсү жок эле. Бирок ошол теракт жөнүндө дүйнөлүк коомчулуктун унутпашы маанилүү. Канча жыл өтсө да, кайда болушса да күнөөлүүлөр баары бир жазасын алышы шарт.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Небензя БУУну Буча менен "Түндүк агымдагы" катаны кайталабоого чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0