Чүйдө “Кумтөрдүн” эски дөңгөлөктөрүн кайра иштетип, желим чыгарган завод ачылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРЧүйдө “Кумтөрдүн” эски дөңгөлөктөрүн кайра иштетип, желим чыгарган завод ачылды
Чүйдө “Кумтөрдүн” эски дөңгөлөктөрүн кайра иштетип, желим чыгарган завод ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Жазылуу
Заводдо учурда саатына 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилип жатат.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Чүйдүн Токмок шарында “Кумтөр голд компани” ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, желим жана башка буюмдарды чыгарган заводу тесттик режимде иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
“Калдыктарды акчага айлантуу” долбоорунун максаты — германиялык технологияны колдонуу менен дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүүчү ишкана түзүү. Эскирген дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын натыйжалуулугун жогорулатуу, калдыктардын зыяндуу таасирин азайтуу.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Чүйдүн Токмок шарында “Кумтөр голд компани” ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, желим жана башка буюмдарды чыгарган заводу тесттик режимде иштеп жатат

Чүйдүн Токмок шарында “Кумтөр голд компани” ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, желим жана башка буюмдарды чыгарган заводу тесттик режимде иштеп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3

Чүйдүн Токмок шарында “Кумтөр голд компани” ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, желим жана башка буюмдарды чыгарган заводу тесттик режимде иштеп жатат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

“Калдыктарды акчага айлантуу” долбоорунун максаты — германиялык технологияны колдонуу менен дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүүчү ишкана түзүү

“Калдыктарды акчага айлантуу” долбоорунун максаты — германиялык технологияны колдонуу менен дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүүчү ишкана түзүү - Sputnik Кыргызстан
2/3

“Калдыктарды акчага айлантуу” долбоорунун максаты — германиялык технологияны колдонуу менен дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүүчү ишкана түзүү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Эскирген дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын натыйжалуулугун жогорулатуу, калдыктардын зыяндуу таасирин азайтуу.

Эскирген дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын натыйжалуулугун жогорулатуу, калдыктардын зыяндуу таасирин азайтуу. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Эскирген дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын натыйжалуулугун жогорулатуу, калдыктардын зыяндуу таасирин азайтуу.

1/3

Чүйдүн Токмок шарында “Кумтөр голд компани” ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, желим жана башка буюмдарды чыгарган заводу тесттик режимде иштеп жатат

2/3

“Калдыктарды акчага айлантуу” долбоорунун максаты — германиялык технологияны колдонуу менен дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүүчү ишкана түзүү

3/3

Эскирген дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын натыйжалуулугун жогорулатуу, калдыктардын зыяндуу таасирин азайтуу.

Маалым болгондой, завод учурда тесттик режимде иштеп жатат. Ушул жылдын аягында толук ишке киргизүү пландалууда. Учурда ал жерде 180ден ашуун адам жумуш менен камсыз болуп, саатына 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилет. Долбоорду жүзөгө ашырууга 19,2 миллион доллар жумшалган.
Иштин жүрүшү менен таанышып чыккан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайра өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандын өзүндө гана эмес, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга дагы сатыларын билдирген.
Мында эскирген дөңгөлөктөр кайра иштетилип жаңы продукцияга, тагыраагы, желимге, текстилге, пресстелген материалга айландырылат.
Долбоорго ылайык, 2026-2030-жылдары, тагыраагы, 5 жылда киреше салыгы орто эсеп менен 60 миллион сом болот деп болжолдонууда.
Сүт азыктарын чыгаруучу завод. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Өлкөдө "Кыргыз Экспорт" ишканасы түзүлдү. Милдеттери
Жаңылыктар түрмөгү
0