НАРЫН, 15-сен. — Sputnik. Бүгүн Нарын облусунун борбору Нарын шаарынын 155 жылдыгы белгиленип жатат. Алгач салтанаттын расмий бөлүгү Муратбек Рыскулов атындагы облустук музыкалык академиялуу драма театрында өттү.Анда калаанын 155 жыл ичинде басып өткөн жолу жана социалдык-экономикалык өнүгүү кадамдары тууралуу маалымат берилди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, облус башчысы Алтынбек Эргешов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, экс-мэрлер, жергиликтүү тургундар, коноктор катышты.Майрамдын урматына Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта "Нукура" фестивалы уюштурулуп, беш боз үй тигилди. Учурда шаардын ар бир чөлкөмү улуттук тамак-аштын, улуттук буюмдардын көргөзмөлөрүн уюштуруп, кыргыздын каада-салт, үрп-адаттарын чагылдырган театралдык оюн-зооктор өтүп жатат.Мындан тышкары, муниципалдык наабайкана, тигүү цехи, жыгач устакана, ички асфальт жол, 64-аймагындагы 1983-жылкы муундар тарабынан жасалган "Ынтымак аллеясынын" жана чакан грант менен жасалган балдар аянтчасы салтанаттуу ачылат. Ал эми кечке маал Москва чөлкөмүндөгү "Медайымдардын" жана Городок чөлкөмүндөгү "Агартуучулардын аллеясы" да элге пайдаланууга берилет.155 жылдык майрам борбордук аянтта эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолуп, кечки саат 22:00дө фейерверк атылат.Учурда Нарын шаарынын калкынын саны 42 миңге чамалап барат. Жалпы аянты — 5040 гектар. Деңиз деңгээлинен 2040 метр бийиктикте орун алган. Бишкек шаарынан 310 чакырым алыстыкта жайгашкан.Шаардын тарыхыНарын Токмок, Бишкек жана Каракол шаарлары менен бир мезгилде, Жети-Суудан Кашкарга кетүүчү соода жолундагы кокондуктардын чеби катары XIX кылымдын 30-жылдарында негизделген. Чепке 1868-жылы 100 казак-орус аскер кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Дал ушул Нарын дарыясына салынган көпүрөнү, Нарын тоосундагы ашууларды кайтарган аскер чебинин жанында чакан айыл пайда болгон. Ошол жерге отурукташкан кыргыз, орус, дунган, татар жана башка улуттагы калк мал чарбачылыгы менен алектенип, Фергана, Кашкар, Каракол жана Верный шаарлары менен соода алакаларын түзүп соода пункту катары өнүккөн. 1913-жылы 1,5 миң адам жашап Улуу Жибек Жолундагы соодагерлерди тейлөөчү сарайлар, бажыкана, чайканалар ачылган. Чакан инфраструктурасы өнүккөн. Чиркөө, мечит, почта жана 12 бала окуган башталгыч окуу жайы болгон.Калаада Совет бийлиги 1918-жылы орноп, ошол жылы уезддин, 1926-жылы кантондун, 1927-жылы облустун борбору болуп биринчи жолу шаар статусун алган. Алгачкы план, шаардын 1-схемасы 1939-1940-жылдары түзүлгөн. Калаанын башкы планы биринчи жолу 1950-жылы толук иштелип чыккан. 1979-жылы шаар курулушун Нарын дарыясынын табигый ландшафтын бойлой өнүктүрүү долбоорлонуп, шаардын композициялык чордонун азыркы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянт түзгөн.
Учурда Теңир-Тоо борборунун калкы 42 миңге чамалап барат. Шаардын жалпы аянты — 5040 гектар.
НАРЫН, 15-сен. — Sputnik. Бүгүн Нарын облусунун борбору Нарын шаарынын 155 жылдыгы белгиленип жатат. Алгач салтанаттын расмий бөлүгү Муратбек Рыскулов атындагы облустук музыкалык академиялуу драма театрында өттү.
Анда калаанын 155 жыл ичинде басып өткөн жолу жана социалдык-экономикалык өнүгүү кадамдары тууралуу маалымат берилди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, облус башчысы Алтынбек Эргешов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, экс-мэрлер, жергиликтүү тургундар, коноктор катышты.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, облус башчысы Алтынбек Эргешов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, экс-мэрлер, жергиликтүү тургундар, коноктор катышты
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, облус башчысы Алтынбек Эргешов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, экс-мэрлер, жергиликтүү тургундар, коноктор катышты
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, облус башчысы Алтынбек Эргешов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, экс-мэрлер, жергиликтүү тургундар, коноктор катышты
155 жылдык майрам борбордук аянтта эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолуп, кечки саат 22:00дө фейерверк атылат
Майрамдын урматына Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта "Нукура" фестивалы уюштурулуп, беш боз үй тигилди. Учурда шаардын ар бир чөлкөмү улуттук тамак-аштын, улуттук буюмдардын көргөзмөлөрүн уюштуруп, кыргыздын каада-салт, үрп-адаттарын чагылдырган театралдык оюн-зооктор өтүп жатат.
Мындан тышкары, муниципалдык наабайкана, тигүү цехи, жыгач устакана, ички асфальт жол, 64-аймагындагы 1983-жылкы муундар тарабынан жасалган "Ынтымак аллеясынын" жана чакан грант менен жасалган балдар аянтчасы салтанаттуу ачылат. Ал эми кечке маал Москва чөлкөмүндөгү "Медайымдардын" жана Городок чөлкөмүндөгү "Агартуучулардын аллеясы" да элге пайдаланууга берилет.
155 жылдык майрам борбордук аянтта эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолуп, кечки саат 22:00дө фейерверк атылат.
Учурда Нарын шаарынын калкынын саны 42 миңге чамалап барат. Жалпы аянты — 5040 гектар. Деңиз деңгээлинен 2040 метр бийиктикте орун алган. Бишкек шаарынан 310 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Шаардын тарыхы
Нарын Токмок, Бишкек жана Каракол шаарлары менен бир мезгилде, Жети-Суудан Кашкарга кетүүчү соода жолундагы кокондуктардын чеби катары XIX кылымдын 30-жылдарында негизделген. Чепке 1868-жылы 100 казак-орус аскер кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Дал ушул Нарын дарыясына салынган көпүрөнү, Нарын тоосундагы ашууларды кайтарган аскер чебинин жанында чакан айыл пайда болгон. Ошол жерге отурукташкан кыргыз, орус, дунган, татар жана башка улуттагы калк мал чарбачылыгы менен алектенип, Фергана, Кашкар, Каракол жана Верный шаарлары менен соода алакаларын түзүп соода пункту катары өнүккөн. 1913-жылы 1,5 миң адам жашап Улуу Жибек Жолундагы соодагерлерди тейлөөчү сарайлар, бажыкана, чайканалар ачылган. Чакан инфраструктурасы өнүккөн. Чиркөө, мечит, почта жана 12 бала окуган башталгыч окуу жайы болгон.
Калаада Совет бийлиги 1918-жылы орноп, ошол жылы уезддин, 1926-жылы кантондун, 1927-жылы облустун борбору болуп биринчи жолу шаар статусун алган. Алгачкы план, шаардын 1-схемасы 1939-1940-жылдары түзүлгөн. Калаанын башкы планы биринчи жолу 1950-жылы толук иштелип чыккан. 1979-жылы шаар курулушун Нарын дарыясынын табигый ландшафтын бойлой өнүктүрүү долбоорлонуп, шаардын композициялык чордонун азыркы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянт түзгөн.