Чакан, орто ишканалардын темпинде өсүү бар. Стат маалыматтар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНаабайканын кызматкери. Архив
Наабайканын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Статком I жарым жылдыкта негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү тууралуу жаңы маалыматтарды берди.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы алты айда 450 миңге жакын жаран өзүнүн жеке ишмердигин жүргүзүп, алар өндүргөн дүң нарктын көлөмү 160 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.
Сандар менен сүйлөгөндө статистика төмөнкү маалыматтарды берди:
2023-жылдын январь-июнь айларында 14 миңге жакын чакан жана орто компаниялар иш алып барса, анын дээрлик 95 пайызы чакан ишканалар болду;
алты айда чакан жана орто ишкердик субъектилер өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү 160 млрд. сомго жакындады жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 28 пайызга жогорулады;
январь-июнь айларында чакан жана орто ишкердик субъектилердин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 50 млрд. сомдон ашты, бул дээрлик 29 пайызга көп;
Айыл чарбасында, анын ичинде фермердик чарбаларда ишмердик жүргүзгөн чакан, орто ишкердик субъектилер 58 млрд. сомдук продукция өндүргөн. Бул республика боюнча анын жалпы көлөмүнүн жарымынан көбүрөөгүн түзгөн.
Кумтөр голд компани мамлекеттик ишканасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Кыргызстанда көп киреше тапкан ишканалар аталды. Сап башында кайсылар турат
Жаңылыктар түрмөгү
0