Кыргызстанда көп киреше тапкан ишканалар аталды. Сап башында кайсылар турат

© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Кумтөр голд компани" мамлекеттик ишканасы. Архивдик сүрөт
Кумтөр голд компани мамлекеттик ишканасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Жазылуу
Рейтинг 2022-жылкы маалыматтарга таянып беш көрсөткүч боюнча түзүлгөн.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда эң көп киреше тапкан ишканалардын тизмесин жарыялады.
Статистикада экономиканын реалдуу секторундагы 23 728 мамлекеттик жана жеке ишкананын маалыматтары колдонулган. Анын ичинен салмактуу делген 200 компания коомчулукка көрсөтүлдү.
Сап башында турган 12 ишкана:
"Кумтөр голд компани" мамлекеттик ишканасы;
"Манас" эл аралык аэропорту" ААК;
"Алтын кен" ЖЧКсы;
"Альянс Алтын" ЖЧКсы;
"НУР Телеком" ЖЧКсы (О! соода маркасы);
"Кыргыз нефтегаз" мамлекеттик ишканасы;
"Умай Групп" ЖЧКсы;
"КАЗ Минералс Бозымчак" ЖЧКсы;
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик мекемеси;
"Альфа Телеком" мамлекеттик ишканасы;
"Кыргыз алтын" мамлекеттик мекемеси.
Тизменин толук варианты менен Статкомдун сайтынан тааныша аласыздар.
Рейтинг 2022-жылкы маалыматтарга таянып беш көрсөткүч боюнча түзүлгөн:
кызматкерлердин саны;
түшкөн акчасы (жүгүртүү);
дүң киреше жана башка операциялык кирешелер;
операциялык ишмердүүлүктөн түшкөн пайда, чыгым;
финансылык жыйынтык (пайдадан чыгаша кемитилет).
Кишилер кафенин ачык верандасында отурушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Былтыр коомдук тамактануучу жайлардын жүгүртүүдөгү акчасы 25 млрд. сомдон ашты
Жаңылыктар түрмөгү
0