УКМК президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган экс-чиновникти кармады

© AP Photo / Oliver de RosКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Шектүү атайын комитеттин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылып, акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен А.Д.Б. аттуу жаран кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта А.Д.Б. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин экс-директору экени айтылат.
"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренесинин негизинде иш козголгон. Тергөө учурунда А.Д.Б. ЖМКга чагымчыл материалдарды таратам деген опуза менен өлкө башчынын жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган. 6-сентябрь күнү шектүү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү", — деп айтылат кабарда.
А.Д.Б. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү айып тагылгандан кийин сот бөгөт чарасын аныктайт.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
УКМК: ИИМ тергөөчүсү 5 миң долларга чейин пара алып жүргөн
Жаңылыктар түрмөгү
0