Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов. Архив
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Шыкмаматовду бул кызматка аталган компаниянын директорлор кеңеши дайындады.
Шыкмаматов 2023-жылдын январь айында "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. 54 жаштагы Шыкмаматов Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалап, ЖК депутаты да болгон.
Батирлердин ачкычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Кыргызстан Сауд фондунан үй салууга 100 млн. доллар кредит алат
Жаңылыктар түрмөгү
0