Россия бүгүн биринчи жолу Японияны жеңгенин расмий белгилеп жатат. Видео

© Sputnik / Виктор Темин / Медиабанкка өтүү1945-жылдын 2-сентябрында Япониянын капитуляциясы жөнүндө актыга кол коюлду
1945-жылдын 2-сентябрында Япониянын капитуляциясы жөнүндө актыга кол коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
3-сентябрь күнү Япония багынып берген. СССРге каршы согушта 84 миң жоокеринен ажырап, 640 миңи туткунга түшкөн.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бүгүн Россия биринчи жолу Японияны жеңген күнүн расмий белгилеп жатат. Бул тууралуу "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram каналы билдирип видео жарыялады.
24-июнь күнү РФ президенти Владимир Путин 3-сентябрды Россиянын милитаристтик Япониянын үстүнөн жеңишке жеткен күн катары белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.
СССРдин Японияга каршы согушуу чечими 1945-жылы союздаштардын Ялта конференциясында кабыл алынган. Советтер Союзу Куриль аралдарын, Түштүк Сахалинди кайтарып алуусу керек эле.
9-августта СССР өз милдетин аткарып, Японияга согуш жарыялайт. 23 күн ичинде япондор 84 миң жоокери менен офицеринен ажырап, 640 миңи туткундалган. 1945-жылдын 2-сентябрында Япониянын капитуляциясы жөнүндө актыга кол коюлуп, "3-сентябрь — Советтер Союзу Япониянын үстүнөн жеңишке жеткен күн" деп жарыяланган.
Москва менен Токио тынчтык келишимине ушу кезге чейин кол кое элек. 2022-жыл Япониянын антироссиялык санкция киргизүүсүнөн улам РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Россия бул маселе боюнча бардык сүйлөшүүлөрдү токтото турганын билдирген.
Атомдук бомбанын куполу деп аталган Хиросима префектурасынын өнөр жайын өнүктүрүү залы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Япония өзөктүк бомбаны өлкөгө ким таштаганы тууралуу ооз ача албай койду
Жаңылыктар түрмөгү
0