https://sputnik.kg/20230901/zhashtar-sayasaty-mektepterde-da-zhurot-1078262862.html
Тагаев: жаңы мыйзам боюнча жаштар саясаты мектептерде да жүргүзүлөт
Тагаев: жаңы мыйзам боюнча жаштар саясаты мектептерде да жүргүзүлөт
Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жаңы мыйзам боюнча 14 жаштагыларды жаштар категориясына киргизүүнүн негизги... 01.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-01T13:23+0600
2023-09-01T13:23+0600
2023-09-01T13:23+0600
радио
жаштар
мектеп
мыйзам
саясат
марат тагаев
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1f/1075813339_0:322:3067:2047_1920x0_80_0_0_cf8d06db80a42b884a2f3d806f2d8b78.jpg
Тагаев: жаңы мыйзам боюнча жаштар саясаты мектептерде да жүргүзүлөт
Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жаңы мыйзам боюнча 14 жаштагыларды жаштар категориясына киргизүүнүн негизги максатын айтты.
Жаштар боюнча мыйзамдын жаңы редакциясы сунушталып жатканда айрым депутаттар жаш куракты 14 эмес, 16 жаш деп белгилөөнү карап чыгууну айтышты. Бул тууралуу Марат Тагаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, министрлик жаштар саясатын жүргүзүүнү мектептерден баштайт.Ал жаштар экономиканын негизги кыймылдаткычы болорун, андыктан жаштар саясатын жүргүзүүгө олуттуу көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1f/1075813339_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_fe7ba164e8e34ed9fbedb87a78ad715c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаштар, мектеп, мыйзам, саясат, марат тагаев, аудио
жаштар, мектеп, мыйзам, саясат, марат тагаев, аудио
Тагаев: жаңы мыйзам боюнча жаштар саясаты мектептерде да жүргүзүлөт
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жаңы мыйзам боюнча 14 жаштагыларды жаштар категориясына киргизүүнүн негизги максатын айтты.
Жаштар боюнча мыйзамдын жаңы редакциясы сунушталып жатканда айрым депутаттар жаш куракты 14 эмес, 16 жаш деп белгилөөнү карап чыгууну айтышты. Бул тууралуу Марат Тагаев
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлик жаштар саясатын жүргүзүүнү мектептерден баштайт.
"Жаштар боюнча мыйзамдын жаңы редакциясында жаштар категориясын 28 жаштан 35 жашка жылдыруу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Мунун максаты биздин кыргызстандык жаштардын түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануусуна жол ачуу болду. Анткени мыйзамдын мурдагы редакциясында жаш деп 28 жашка чейинкилер гана белгиленип калгандыктан, андан өйдө курактагылар жаштарга багытталган ар кандай иш-чараларга катыша албай калышчу. Өзгөчө ишкерликте, эл аралык долбоорлорго катышууда 28 жаштагы адамдын тажрыйбасы жана башка мүмкүнчүлүктөрү аз болуп каларын иш жүзүндө көрдүк. Ал эми жаштар категориясынын башталышын 16-18 жашка көтөрүү сунуштары да болду. Бирок анда биз саясат жүргүзүүдө мектептерди камтый албай калат экенбиз. Андыктан 14 жаш боюнча калтырдык. Эми республиканын бардык мектептеринде 14 жаштан жогорку окуучулар үчүн да жаштар саясатына багытталган түрдүү программалар иштелип чыгат", — деди Тагаев.
Ал жаштар экономиканын негизги кыймылдаткычы болорун, андыктан жаштар саясатын жүргүзүүгө олуттуу көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.