НАТО Agile Spirit 2023 машыгууларын эмнеге Грузияда өткөрүүдө? Сереп

© AP Photo / Shakh AivazovГрузияда өткөн Agile Spirit машыгуусу. Архивдик сүрөт
Грузияда өткөн Agile Spirit машыгуусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
АКШ менен НАТО Түштүк Кавказда Россияга каршы ыңгайлуу плацдармдарды колдон чыгарып алганына моюн сунбай, Абхазия жана Түштүк Осетия республикаларынын көз карандысыздыгын тааный элек.
Альянс Грузиянын аймагында эл аралык аскердик машыгуулар форматындагы улам бир аракеттерди уюштура берерин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Грузияда 22-августта башталган Agile Spirit 2023 аскердик окууларын НАТО он биринчи ирет өткөрүүдө. Иш-чара эртең жыйынтыкталат. Ага 22 өлкөдөн, атап айтканда, Түркия, Улуу Британия, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Франция, Германия, Греция, Венгрия, Италия, Иордания, Латвия, Литва, Молдова, Норвегия, Польша, Румыния, Словакия, Испания, Япония, АКШ жана Грузиянын өзүнөн 3600 жоокер катышат.
АКШ армиясынын атынан машыгууга 173-аба-десанттык бригадасынан, 12-авиациялык бригадасынан, 48-пехота бригадасынан, коопсуздук күчтөрүнө көмөкчү 54-бригадасынан, 122-тактикалык колдоо отрядынан, АКШнын Европадагы атайын багыттагы командачылыгынан жалпы 1200 аскер кызматкери катышууда. Мындай күчтүү курам Пентагондун чөлкөмдөгү туруктуулугун жана коопсуздугун бузууга ниети олуттуу экенин көрсөтөт.
Мурдагы машыгууларда, маселен, 2021-жылдагы окууларга 700 америкалык рейнжер жана 13 өлкөдөн 2500 жоокер катышкан. Ошентсе да, катышуучулардын саны дайым алардын аскердик даярдыгын чагылдыра бербейт. Грузиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Agile Spirit 2023 окуулары тактикалык деңгээлде союздук түзүмдөрдүн ыкчам айкалышын жогорулатууга багытталган.
Тбилисинин жака белиндеги Вазиани аскердик аэродромундагы машыгуу АКШнын 173-бригадасынын десантынан башталды. НАТОнун окуу борборунун аймагында командалык-штабдык компонент да машыктырылды. Көп улуттук аскер тобу Грузиянын чыгыш жана батышындагы аскердик көнүгүүлөрдү аткарып, ок атууга машыгып, Поти акваториясы жана Түркиянын территориясындагы көзгө көрүнбөс агрессорлордун басып киришинен коргонууга да машыгат.
Украиналык аскер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинадан афган сценарийи менен "кутулгусу" бар. Ой толгоо
Машыгуу менен согуштун ортосундагы чек өчүп бараткандай. Agile Spirit 2023 окууларынан улам Кара деңиздин үстүндө АКШнын чалгындоочу дрондору активдүү учуп жүрөт. Украина Куралдуу күчтөрүнүн буталарын көрсөтүү, экипажсыз “жанкечти” катерлерин башкаруунун сигналдарын ретрансляциялоо үчүн америкалык учкучсуз аппараттарды пайдалануу ыктымалдыгы да өсүүдө.
27-августта россиялык Су-30СМ истребители РФ мамлекеттик чек аралары тарапка карай деңиздин үстүнөн учкан MQ-9A Reaper учкучсузун кармоо тревогасы боюнча абага көтөрүлгөн. Ага катар эле украиналык согуштук аракеттер театрында америкалык “ыктыярчылар” жана “грузиялык легион” россиялык аскердик бөлүктөрдүн позицияларын ээлөөгө тырышууда.
Грузиянын Россия жана анын Түштүк Кавказдагы союздаштарына карата мамилесин акыл калчоо менен касташуу деп мүнөздөөгө болот. Объективдүү негиздерге карабастан, Тбилиси коомдун “территорияларды кайтарууга” үмүтүн колдоп келет. Бирок РФтин союздук Абхазия жана Түштүк Осетиянын аймагындагы толук кандуу эки аскердик базасы бүтүндөй Agile Spirit 2023түн көп улуттук контингентин “тынчтыкка ыкчам мажбурлоого” жөндөмдүү. Эки көз карандысыз республиканын коопсуздугу жана коргонуу жөндөмдүүлүгү мамлекеттер аралык ондогон макулдашуулар жана РФтин Куралдуу күчтөрүнүн бүт күчү менен камсыздалат.
Экинчи тараптан, НАТО блогу тарабынан Грузиянын бир өңчөй эмес колдоосу Кавказда америкалык экспансиянын ийгиликсиз долбоору бойдон калууда. 2001-жылдын 13-сентябрынан бери – Грузия парламенти өлкөнүн Түндүк атлантикалык альянска кирүү процессин баштоону бир добуштан чечкенден бери 22 жылдан ашуун убакыт өттү.
2008-жылкы НАТОнун Бухарест саммити Тбилисини катуу үмүттөндүргөн, ошентсе да маселе дале чечиле элек.
Западная күчтөрүнүн тобунун БМ-21 Град ракеталык системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскердик операция: Россия Куралдуу күчтөрү Купянск багытында алдыга жылууда
Жакынкы Чыгыштагы операциялар же өзөктүк державалар менен прокси-согуштарда Кошмо Штаттарга союздаштар кандай зарыл болсо, пайдаланып ыргытып коё тургандай “кол куурчактар” да ошондой керек өңдөнөт. 2008-жылдын августунда грузин коомчулугунун басымдуу бөлүгү буга көзү жеткен. Америкалык “гегемондордун” жана европалык кураторлорунун басымына карабастан, Батыш менен тыгыз байланышына карабастан Грузия жетекчилиги Россия менен куралдуу жаңжалга – “атайын аскердик операциянын экинчи фронтун Кавказда” ачууга жол бербөөгө умтулат.
Грузия дале Agile Spirit жана АКШ менен биргелешкен Noble Partner машыгууларына ресурстарын буруп келет, бирок быйыл май айында европалык 10 мамлекетте өткөн АКШ Армиясынын Defender 23 окууларына катышуудан баш тартканы маалым.
Батыштагылар бийликтеги "Грузин тилеги" партиясы атайылап НАТО жана Европа биримдиги менен мамилесин бузууда дешкени менен алакалар эки тараптан тең сууп баратканы айдан ачык.
Грузия өзү 1990-жылдардын башында же кийин Абхазия менен Түштүк Осетияга кол салары арсар эле, кийин “Таза талаа” операциясын пландап киришти. Грузиянын Батыш пландаган СССРди "бөлүп-жаруу жана кайра иштеп чыгуу" деген радикалдуу долбооруна аралашканы – өтө ири тарыхый ката. Грузин калкынын ири, атап айтканда, газ түтүктөрү, меридиандык темир жол, соода порттору, Улуу Жибек жолу өңдүү экономикалык долбоорлорсуз келечеги күмөн. Булардын баары Россия, Абхазия жана Түштүк Осетия менен достук мамиле менен гана кепилденет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиялык SJ-100 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Россиялык SJ-100дүн абага алгачкы талпынышы эмнени туюндурат? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0