Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Аскердик операция: Россия Куралдуу күчтөрү Купянск багытында алдыга жылууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү"Западная" күчтөрүнүн тобунун БМ-21 "Град" ракеталык системасы
Западная күчтөрүнүн тобунун БМ-21 Град ракеталык системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
Россиялык күчтөр Купянск багытында күн өткөн сайын илгерилеп, Харьков облусунун территориясын бошотууда.
АКШ, НАТОнун аскердик ресурстары менен "тишине чейин" куралданган Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу стратегиялык жактан жеңилип жатканын белгилейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.
Россиялык "Западная" тобунун бөлүктөрү ыкчам-тактикалык авиация жана артиллериянын колдоосунда 21-августта касташкан тарабынын бир катар таяныч түйүндөрүн талкалап, бир нече ок өткөрбөс техникасын жок кылып, Украина Куралдуу күчтөрүн Купянск калаасынан 5 чакырым ыраак Синьковка кыштагынан сүрүп чыгарды. Бул – аймактын маанилүү транспорттук түйүнү. Харьков облусунун 30дан ашуун калктуу конушу Россиянын көзөмөлүндө экенин белгилей кетели.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Харьков облусундагы кыйын абал жана фронттун кыйроо ыктымалдыгын кабарлады. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы бөлүктөрүнүн командачысы Александр Сырский Купянск районундагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрүүнү өтүндү.
Украина Артемовск багытынан Купянск тарапка стратегиялык резервинен "элиталык" бөлүктөрүн жөнөтүүгө аргасыз. Баса, алар британиялык Challenger танкалары, америкалык Stryker БТР жана немец Marder пехота машиналары менен куралданган. "Элита" да күрөштө талкаланса, фронттун чегинде начар даярдыктагы украиналык резервчилер гана калары ырас.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы күчтөрүнүн чегинишин атып өлтүрүү менен токтотууга тырышканы менен украиналык армиянын штабдык түзүмдөрү Купянскиден эки апта оболу чыгып кеткен. Жарандык администрация да качып кеткен.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн инженердик бөлүктөрү россиялык чабуулду жайлатуу далалатында көпүрөлөрдү жардырууда. Киевдик режим Харьков облусунун калкын мажбурлап көчүрүп, өз көзөмөлүндөгү аймактардын баарын "жапырт" мобилизациялоодо.
Айрым батыш талдоочулары жана стратегдери "контрчабуулдун" ийгилиги үчүн Украина Куралдуу күчтөрү дароо үч миллион кишини аскерге чакырууну сунуштоодо. Анткен менен андай бөлүк топтоо үчүн кенже офицерлер (взвод командирлери, рота, батальондор) жана штаттык курал-жарак, НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн экономикасынын ресурстары жана аскер-өнөр жай комплексинин күчү жетпестигин алар аңдаган жок.
Керемет болуп кетпейт. Батыш убадалаган жүздөгөн танканын ичинен Киев 60 даана "Леопард" алды. Анын да жарымы эки айда өрттөнүп кетти. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Европадагы командачысы Жеймс Хеккердин баамында Украина F-16 (эки эскадрилья) флотун 2027-жылдан эрте ала албайт.
Ка-52 Аллигатор тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын тик учактары — Украина менен НАТО үчүн өкүм. Сереп
22-августта америкалык Wall Street Journal газетасы "Россия чабуул коюуга ниеттенген" Купянскинин четиндеги кырдаалды кеңири сүрөттөп берди. Синьковканын түндүк жагына Украина Куралдуу күчтөрү тарабынан россиялык күчтөрдүн "стратегиялык бийиктиктерге" чыгышын бөгөттөө үчүн мина коюлган. Харьков облусунда фронттун түндүк тилкесиндеги Россия Куралдуу күчтөрүнүн активдүүлүгү украиналык командачылыкка бар күчүн Запорожье багытына топтоого жолтоо болууда.
Басылма жаңжал созулуп кете турган болсо "эбегейсиз коргоо-өнөр жай комплекси жана Украинанын калкынан үч эсе көп эли бар Россия артыкчылыккаа ээ болору айкын" экенин белгилейт. Ак үй украиналык контрчабуулдан майнап чыгарына ынанбай калды.
Америкалыктар Украина Куралдуу күчтөрүн байма-бай сындап, Киевди тобокелдикке барууга үндөөдө. Бирок тобокелге бара турган деле нерсе калбады. Кошмо Штаттардын коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, аскерий аналитик Дуглас Макгрегор да кезегинде Украиана Куралдуу күчтөрүнүн ички курамынын сапаты согуштук аракеттерге моралдык да, саламаттык жагынан да даяр эмес жай жарандарды аскерге тартуунун айынан кыйла начарлап кеткенин белгилеген. Көптөгөн украиналык жоокерлер 100-200дөп бүтүндөй аскердик бөлүктөр менен багынып берүүдө.
Азов деңизине карай жол Россия Куралдуу күчтөрүнүн мина талаалары, эшелондоштурулган коргонуу позициялары менен жабык. 19FortyFive басылмасы "Украинанын Россияны жеңүүгө рационалдык жолу жок", "территориясын сактап калуу үчүн Киев катаал реалдуулукту моюндаганы оң" деген "ачуу чындыкты" жарыялаган. Британиялык The Economist журналы Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун жүрүшүндөгү эбегейсиз жоготуулар украиналык коомчулуктун нааразычылыгын арттырары бышык.
Киев Батыштан курал менен жетишсиз жабдып жатканынан, абадан калкалоонун жоктугунан улам катуу көңүлү калууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы мындай кырдаалда фронттун чегинде чет өлкөлүк да, украиналык да журналисттердин келишине таптакыр тыюу салды. Башкы командачы Валерий Залужныйдын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана журналисттер фронтту чагылдыра алышат.
Мобилизациянын бир нече толкунуна, батыш аскердик техникасы менен жабдуу жана натолук чалгындоо кызматынын ар тараптуу жардамына карабастан, Украина Куралдуу күчтөрүнүн жайкы кампаниясы максатына жеткен жок.
АКШ менен НАТОнун жетекчилигинин көз карашында согуштук аракеттерди токтотуп, украиналык армиянын согушка жөндөмдүүлүгүн 2024-жылдагы активдүүлүктүн жаңы цикли үчүн калыптандыруу керек. Мындай пландардын жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Аскердик жаңжалдын көп жылга созула турган "эпизоддук" форматына Россия макул болбойт. Ал эми бир нече аптадан кийин Украинага берилген 43 млрд өлчөмүндөгү каржылык топтому түгөнөт.
RAND корпорациясынын улук саясат таануучусу Сэмюэл Чарап Вашингтондун аскердик-саясий жеңилген учурга карата эч кандай "Б планы" жоктугун маалымдады.
19FortyFive басылмасы: "АКШ бир жарым жыл аралыгында 100 миллиард доллардан ашуун каражат, миңдеген ок өткөрбөс унаа, миллиондогон дүрмөт жана ракета жөнөтүп, чалгындоо жагынан да бир топ көмөк көрсөттү. Эми ушундай эбегейсиз инвестиция өзүн актабагандыгын, россиялык чабуулдун мизин кайтара албагандыгын моюнга алуу абзел", - деп жазды. Чындап келсе Кошмо Штаттар менен НАТО россиялык тарыхты жана адамзаттын көп полярдык дүйнөнүн бөлүнгүс жана теңата коопсуздугуна карай кыймылын токтото алган жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Искандер оперативдик-тактикалык ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык С-300 учактары өзүнө карай ок атууда. Себебине сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0