"Барселона" академиясынын ачылышы: Жалал-Абаддын негизги көчөлөрү жабылат

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖолду жабуу учурунда милиция кызматкери. Архив
Жолду жабуу учурунда милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2023
Жазылуу
Жолдордун боюна автоунааларды дагы токтотпоо эскертилди.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү 29-август күнү жабылат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин көчөсү Ош — Бишкек трассасынын айланма жолунан тартып, Барпы, Сейил көчөсүнө чейинки бөлүгү эртең мененки саат 07:00дөн 12:00гө чейин толугу менен жабылат. Бул "Барселона" академиясынын ачылышына карата өтчү иш-чараларга байланыштуу.
"Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору, кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз. Ошондой эле Ленин көчөсүнүн жээктерине автоунаа токтотпоону өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, "Барсанын" легендарлуу мурдагы оюнчулары Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Ривалдо жана башкалар август айынын соңунда Кыргызстанга келишет. Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын ачылыш аземине катышат. Ушундай эле академиянын Бишкектеги имаратынын курулушуна капсула салуу пландалууда. Франшизаны жергиликтүү компания сатып алган. Анын алкагында "Барса" менен Борбор Азия легендаларынын жолдоштук беттеши уюштурулат.
Ала-Тоо аянтын жабуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
"Ала-Тоо" аянты 31-август күнү автоунаалар үчүн жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0