00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Осмоналиев: айрым жетекчилер тил мыйзамын ишке ашырууда аша чаап жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2023
Жазылуу
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган жаңы мыйзамды ишке ашырууда айрым жетекчилер аша чаап жаткандыгын айтты.
Учурда "Кыргыз тест" ишканасынын алдында кезек күткөндөр базардагыдай болуп көбөйүп кетти. Анткени кээ бир министр, мэр жана башка жетекчилер белгилүү бир күндү айтып, ошол убакытка чейин кызматкерлерин мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тесттен өтүп, сертификатын алып келүүсүн талап кылып жатыптыр. Болбосо иштен кетесиң дегенге чейин жеткен учурлар бар экени өкүндүрөт. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Осмоналиев: айрым жетекчилер тил мыйзамын ишке ашырууда аша чаап жатышат
Анын айтымында, учурда Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясы тарабынан терминдерди унификациялоо жүрүүдө.
"Мамлекеттик кызматтарда бир эле мамлекеттик тилди билген эмес, расмий тилди да өздөштүргөн кадрлар иштеши керек. Биз азыр жетекчилерге ушундай талап коюп жатабыз. Мамлекеттик кызматкер мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин сүйлөп, жаза билиши керек. Бул — мыйзамдын талабы. Мамлекеттик кызматкер кагаздарын көтөрүп алып коридордо расмий тилден мамлекеттик тилге же тескерисинче которуп берип койчу, деп чуркап жүрбөшү керек. Бирок айрым жетекчилер бөрк ал десе баш алып, аша чаап кетип жатышат. Бир убакытты белгилеп, "ошого чейин "Кыргыз тесттен" барып өтүп кел, мамлекеттик тилди билет деген сертификат алып кел, болбосо иштен кетесиң" деген коркутуулар болуп жатканынан да кабардарбыз. Ал тургай менин өзүмө чалып тууганымды, жээнимди, инимди, карындашымды тесттен өттү кылып берип коюңузчу деп суранган эл өкүлү, чиновниктер көбөйдү. "Кыргыз тест" ишканасы болгону бир жер төлөдө отурат, ошого карабай алдында кезек күткөндөр көбөйдү. Мындай болбошу керек. Биздин мекемеде болгону 18 киши иштейт. Биз азыр мыйзам алдындагы актыларды жазып жатабыз. Баарына жетишпейбиз. Антип бир мөөнөттү белгилеп алып кызматкерлердин жүрөгүнүн үшүн алганды токтотуш керек. Бишкек мэриясы кат жолдоптур, биздин кызматкерлерди тесттен өткөрүп койгула деп. Эмнеге мэрия өзү уюштурса болбойт, тиешелүү бардык мүмкүнчүлүктөрү бар да", — деди Осмоналиев.
Ал жеке сектор дагы көрнөк-жарнак, тиешелүү документтерин мамлекеттик тилге которууда тууралыгын текшерип берүү үчүн тил комиссиясына жиберүүсү күч алганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0