15-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл районундагы Жыргалаңдын жаратылышы. Архивдик сүрөт
Ысык-Көл районундагы Жыргалаңдын жаратылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
15-августка караган түнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. 15-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас өрөөнүндө +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл менен Нарында +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +24...+26, Ош шаарында +28...+30, Чолпон-Атада +20...+22 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте жамгыр учурунда кол чатыр менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2023
Күн салкындайт. Кыргызстан боюнча аба ырайынын бир жумалык божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0