Үйдөн чыкпай 148 кызматты алса болот. Электрондук кол тамгага түшүндүрмө

© AFP / GREG BAKERАял ноутбук менен иштеп жатат. Архив
Аял ноутбук менен иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Мамлекеттик кызмат алуунун санариптешүүсү кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетүүнү жана коррупцияны жоюуну көздөйт. Учурда "Электрондук кол тамга" кызматы аркылуу жарандар 150дөй документ иштерин онлайн бүтүрө алат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева болду. Биз мамлекеттик кызматтарды алуудагы электрондук кол тамганын калкка пайдасы, аны колдонуунун жол-жобосу тууралуу баарлаштык.
— Электрондук кол тамга дегенде кыргызстандыктар эмнени элестетиши керек, түшүндүрмө берсеңиз?
— Электрондук кол тамга 2020-жылы иштелип чыгып, учурда элге маалымат кеңири жайылтылууда. Ушул убакытта 467 миң электрондук кол тамга жеке жана юридикалык жактарга берилген. Бул, албетте, аз. Анткени өлкөдө 18 жаштан өткөндөрдүн саны 3 миллиондон ашат. Көпчүлүгү азыр электрондук кол тамганы кантип алууну, анын эмнеге керектигин, кандай колдонууну, мунун арты менен кайсы операцияларды жеңил бүтүрсө болорун билбейт. Электрондук кол тамганы алсаңыз, "Түндүк" мамлекеттик порталына кирген 148 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты онлайн пайдалана аласыз. Күндөн-күнгө бул кызматтардын саны көбөйүп жатат. Учурда калкты тейлөө борборлору аркылуу 52 аймак аралык бөлүмдөр иш алып барууда. Электрондук кол тамга алуу үчүн ушул кеңселерибизге кайрылууга болот.
Бул үчүн, биринчиден, жекелигин күбөлөндүргөн документ, паспорт керек. Адамга тийиштүү мобилдик телефондун номерин каттатуу зарыл. Жеринде кызматкерлер сүрөткө тартып, жарандын өздүгүн идентификациядан өткөрөт. Анан жеке почтасына алты сандан турган электрондук кол тамганын сыр сөзү катылган кат келет. Ал паролду жеке өзү гана колдонот. Бул кол тамганы алгандан кийин өзүнүн мобилдик телефонуна тиркемени жүктөп, авторизациядан өткөрөт. Анан 148 мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын тейлөөсүн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Учурда өкмөттүн буйругунун негизинде электрондук документтер кагаз түрүндө жасалган документтер менен бирдей күчкө ээ. Электрондук кол тамга аркылуу жарандар санариптик паспортту, ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, нике күбөлүктөрүн жана башка керектүү документтерди ала алат.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖазгүл Кийизбаева: электрондук документтер кагаз түрүндө жасалган документтер менен бирдей күчкө ээ
Заместитель министра цифрового развития Жазгуль Кийизбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазгүл Кийизбаева: электрондук документтер кагаз түрүндө жасалган документтер менен бирдей күчкө ээ
— Учурда электрондук кол тамганы алууда, пайдаланууда кандай тоскоолдуктар бар?
— Калкта санариптик билимдин жетишсиздиги тоскоолдук жаратууда. Быйыл 324 кол тамга тапшырылыптыр. 2021-2022-жылдары мындан да аз болгон. Элди кол тамга алдырууга жетишсек, анда жер-жерлерде же болбосо чет өлкөгө чыгып кеткен учурларда алар өзүнө тиешелүү документтерин, маалым каттарын Кыргызстанга кайтпастан эле жеринде онлайн алып, аны тиешелүү органдарга тапшырганга мүмкүнчүлүк алышат. Айрым аймактарда калкты тейлөө борборлору ачылган эмес. Себеби анын өзүнүн критерийлери бар. Быйыл "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан алты калк тейлөө борборун ачуу пландалууда. Чынында каражат жетишсиз. Бир борбор ачуу үчүн 10 миллион сомго жакын акча керек. Ошол себептен жергиликтүү бийлик да жарандардын маселесин жеринде чечүү үчүн каражат бөлүп, тиешелүү фонддордон жаңы имараттарды курдурууга жетишсе бизге дагы жакшы болмок.
— Айылдык тургун электрондук кол тамга алуу үчүн каякка жана кимге барышы керек?
— Өздүгүн аныктаган документтердин бири — бул паспорт. Алар паспорту менен калкты тейлөө борборлоруна кайрылышы керек. Эгер электрондук почтасына кат келе турган болсо, телефонуна тиркемесин жүктөп туруп, анан пароль, логинин авторизациядан өткөрөт. Өзү биле албаса биздин кызматкерлер жардам беришет. Андан кийин маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тиркемеге кирүү оор деле эмес. Сервис кыргыз, орус тилдеринде тейленет. Калкты тейлөө борборлорунда кызматкерлердин саны көп болгону менен ошого жараша кардарларыбыз да арбын болууда. Кезек күткөндөр көп. Биздин кызматкерлер ушул жылдын 1-июнунан тарта үч мөөнөт менен иш алып барууда, мындай график жакшы жыйынтык берип жатат.
Учурда Бишкек менен Ошто жаңы пилоттук долбоор иштөөдө. Earlyone мобилдик тиркемеси аркылуу киши бара турган мекемесине онлайн кезекке туруп коёт да, 10-15 мүнөт эртерээк барып активациядан өтүп жумушун бүтүрүп кете берет. Убактысы да текке кетпейт. Бул пилоттук долбоорду республикада жайылтууну көздөп жатабыз. Учурда аталган тиркеме менен кезекке тургандар көбөйүүдө.
Бишкектин борборундагы маршруткалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Шаардын борборун маршруткадан тазалоо, "Тулпар" картасы. Кызыктуу маек
— Электрондук кол тамга аркылуу бүтүрүүгө боло турган элдин күнүмдүк турмушуна байланышкан бир-эки кызматты айта кетесизби?
— Электрондук кол тамга алган жарандын баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ал үчүн ата-энесинин паспортун, медициналык маалым катты жүктөп, баланын аты-жөнүн жазып, анкетаны толтуруп жиберет. Биздин кызматкерлер үч жумуш күндүн ичинде арызды карап чыгып, мыйзамга туура келе турган болсо, жарандык актысын каттагандан кийин баланын күбөлүгүн, арызын онлайн тапшырып, акысын төлөсө почта кызматкерлери үйүнө чейин жеткирип берет. Бул сервис жакында эле иштеп баштады, бирок элдин көбүнүн маалыматы жок. Учурда жүзгө чукул гана ата-эне баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн онлайн алышты. Ошол себептен министрлик ролик тартып, кененирээк жайылтууну ойлоп жатабыз.
Жарандын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү онлайн алуу кызматы да октябрда иштеп баштайт. Азыр тестирлөө жүрүп жатат. Санарип доорунда документтерди онлайн алууга жетишсек көптөгөн көйгөйлөрдү чечет элек. Биринчиден, калкты тейлөө борборлорун ачууга кеткен каражат үнөмдөлмөк. Экинчиден, коррупция жоюлат. Мурда паспорт жоготкондор толтура документтерди, маалым каттарды чогултуп келүүсү керек болчу. Анан айла жок кызматкерлер менен жең ичинен сүйлөшүүгө барышчу. Азыр, мисалы, 2014-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жоготуп жиберсеңер, эч кандай документ, кагаз чогултпай эле калкты тейлөө борборуна кайрылсаңар, face ID (face Idден өтүп) өткөрүп, документтериңерди толуктап, паспортту каалооңузга жараша 3 сааттан 14 иш күнүнө чейин даярдап берет. Болгону акчасын төлөп коёсуңар.
— Көп киши документ тапшырууда эки ПИН чыгып калып кыйналышат. Бул кандайча?
— Ар адамдын персоналдык идентификациялык номери болот. Мурда санариптик ыкмалар жайылбагандыктан Социалдык фонд тарабынан көп адамга туура эмес ПИНдер берилип калган. Ал маселени чечүү үчүн министрлик тарабынан буйрук кабыл алынган. Азыр иш бир топ тездеп, санариптешип, калкты тейлөө борборуна шашылыш кайрылган жаранга паспортун төрт саатта бүтүрүп берип жатабыз. Мурда арызды караган комиссия үч жума убакытты алчу. Азыр ал мөөнөттү кыскарттык.
© SputnikЖазгүл Кийизбаева: Электрондук кол тамга аркылуу жарандар санариптик паспортту, ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, нике күбөлүктөрүн жана башка керектүү документтерди ала алат
Заместитель министра цифрового развития Жазгуль Кийизбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазгүл Кийизбаева: Электрондук кол тамга аркылуу жарандар санариптик паспортту, ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, нике күбөлүктөрүн жана башка керектүү документтерди ала алат
— Быйыл "Мекен карт" ишке кирди. Аны алгандарга Кыргызстандын жарандары менен бирдей эле укуктар берилген. Буларга электрондук кол тамга берилеби?
— "Мекен карт" биздин өлкөгө келген мекендештерге гана берилет. Алар Кыргызстандын салык саясатына же болбосо башка социалдык камсыздандыруусуна ээ боло алышат. Бирок баары бир өлкөнүн жараны катары эсептелбегендиктен электрондук кол тамга ала алышпайт. "Мекен карт" учурда көп деле жайылтылган жок. Алгандар аз. Акыркы убакта Тажикстандан, Өзбекстандан келген биздин этникалык кыргыздардан жарандык алуу боюнча арыздар көп түшүп жатат.
— Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын электрондук кол тамга колдонуу жагы да каралганбы?
— Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кол тамганы алганы менен аны кантип колдонот деген маселе жаралат. Алар да кадимкидей эле телефондогу атайын функциялардын жардамы менен пайдалана алат. Эч кыйынчылыгы жок.
— Маалыматтык коопсуздук жагы кандай?
— Бул тууралуу мыйзам бар. Электрондук почтаңызга сыр сөз жазылган катты сизден башка эч ким ача албайт. Киберкоопсуздук боюнча да атайын адистер өз жумуштарын жүргүзүп келүүдө. Коркпой эле коюңуздар. Тиркемеге эки-үч баскычтуу пароль коюшат.
Жаран көз жумган учурда нике күбөлүгүнө "бул жаран өтүп кеткен" деген маалымат чыгат. Мурда каза болгон жаранды тизмеден туугандары чыгарса, азыр ал система автоматташтырылган. Ошону менен маркумдун электрондук кол тамгасы колдонуудан чыгат.
Негизинен электрондук кол тамга алууга эч кандай акча төлөнбөйт. Мөөнөтү бир жыл. Андан кийин онлайн узартуу зарыл.
Ыйгарым укук алса жергиликтүү бийлик да электрондук кол тамга берип калат. Райондун борборунан алыс жайгашкан кыштактар үчүн бул керек болуп турат. Мунун баары адамдардын түйшүгүн жеңилдетип, убактысын үнөмдөөгө жасалган аракет. Электрондук кол тамганы колдонуу боюнча кандайдыр бир суроолор жаралса 119 кыска номерине чалып, жооп алса болот.
Катардын шейхи Тамим бин Хамад Аль Тани - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Катардын шейхи кыргыз маданиятына кызыгып кетти. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0