Шаардын борборун маршруткадан тазалоо, "Тулпар" картасы. Кызыктуу маек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин борборундагы маршруткалар. Архивдик сүрөт
Бишкектин борборундагы маршруткалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
"Тулпар" транспорттук картасы мындан үч жыл мурун ишке кирсе да, толук пайдаланылбай келген. 20-августтан тарта Бишкектин коомдук транспортторунан накталай төлөмдөр алынып, автобустар көбөйөт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде "Тулпар" долбоорунун жетекчиси Бекжан Акматбеков, Бишкек мэриясынын транспорт департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу, пландоо жана коомдук транспортко мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Арген Дүйшөналиев болду.
— Коомдук транспортторго "Тулпар" картасын киргизүү үч жылдан бери эле айтылып келет. Азыр кандай иштер аткарылууда?
Бекжан Акматбеков: — Техникалык жактан долбоор 100 пайыз накталай эмес төлөмгө өтүүгө даяр. Навигатор бардык автобус, троллейбустарга коюлган. Аппараттар эртең менен текшерүүдөн өтүп турат. Кандайдыр бир көйгөй жаралса каттамга чыкпайт. Элди даярдоо үчүн пиар да жүрүп жатат. Стандарттык карталар бардык жарандарга жеткиликтүү, аны 50 сомдон сатып алса болот. Эч кандай документ талап кылынбайт. Экинчиси — мектеп окуучуларынын картасы, ал онлайн-билдирүү калтыргандан кийин берилет. Азыр мектептен аныктама алуунун жолдорун жеңилдетүүнү карап жатабыз. Үчүнчүсү — кызыл түстөгү карталар, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, пенсионерлерге жана почта кызматкерлерине берилет. Буга чейин 56 миңге жакын кызыл түстөгү карта берилген. Маалыматыбыз боюнча, пенсионерлердин дээрлик 90 пайызга жакыны алды. Калгандары Бишкектин төрт районундагы борборлорубузга келип, сүрөткө түшүп алып кетишсе болот.
© Sputnik"Тулпар" долбоорунун жетекчиси Бекжан Акматбеков
Руководитель проекта Тулпар Бекжан Акматбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
"Тулпар" долбоорунун жетекчиси Бекжан Акматбеков
— Окуучулар кантип алат?
Б.А.: — www.tulpar - card.kg сайтына кирип, керектүү маалыматтарды толтуруп, билдирүү калтырат. Ага "мектепте окуйт" деген аныктама кагаз керек. Азыр эс алуу маалында ар бир мектепте аныктамага берүүгө бир адис бөлүнгөн. Мектеп окуучуларына электрондук тариф коштуруп алса болот. Ал тариф айына 240 сом турат. Ал эми стандарттык жол кире 680 сом. Бул дээрлик үч эсеге арзан болуп жатат. Ошондой эле кызыл карталар бекер жүрүүгө уруксат берет.
— Карталарды кайдан сатып алса болот?
Б.А.: — Стандарт көк карталарды "Кыргыз почтасынын" бөлүмдөрүнөн жана О!, Mega, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен 50 сомго сатып алууга болот. Мындан тышкары, автобус менен троллейбус айдоочуларынан бир айлык акциянын алкагында 30 сомго сатып алуу мүмкүн. Жол кире эми үч категориядагы "Тулпар" транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген) менен Кыргызстандын бардык банктарынын VISA, "Элкарт" карталары жана виртуалдуу NFC картасы аркылуу төлөнөт. "Тулпар" жана Balance, Mbank, Megapay тиркемесинде QR сканерлеп же "Тулпар" тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен да болот.
— Нурбек мырза, бул ирет калкты "Тулпар" картасына толук өткөрө аласыздарбы?
Нурбек Сагынбек уулу: — Жетекчилик тарабынан бул жаатта тийиштүү тапшырмалар берилген. 2019-жылы мэрия тендер жарыялап, жыйынтыгында швейцариялык компания утуп алып, "Тулпар" деген аталыш берилип келишимге кол коюлган. Натыйжада кошумча 300 транспорт каттамга чыгышы керек болчу. Жыл башынан бери шаарга газ менен жүрүүчү көлөмдүү 120 автобус келди. Андан тышкары, бюджеттин эсебинен 500 ири көлөмдөгү автобустарды сатып алуу боюнча план коюлган. Азыр биринчи этап менен 15-августка чейин 50 автобус келет. Учурда көк түстөгү "Тулпар" карталарын 130 миңден ашык жүргүнчү сатып алды. Ал эми жашыл карталарга 11 миңден ашуун мектеп окуучусу ээ болгон.
© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек мэриясынын транспорт департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу
Замдиректора Департамента транспорта по транспортным вопросам мэрии Бишкека Сагынбек уулу Нурбек  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Бишкек мэриясынын транспорт департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу
— Октябрь айына чейин 500 автобус келип калары айтылган эле. Жетишесиздерби?
Н.С.: — Негизинен коомдук транспортту жаңылоодо үч багытта иш алып барып жатканбыз. Биринчи багыты — жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алуу. Андан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы жана Европа өнүктүрүү банкы тарабынан кошумча каражат каралган. Берилген акчанын жарымы грант катары кайтарымсыз иштетилсе, жарымы насыя. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 120 электробус алуу мерчемделүүдө. Мунун ичине электробустарды кубаттоочу инфраструктура да кирет. Жалпы жонунан 70ке жакын кубаттоочу станция курулат. Муну менен катар Бишкектеги троллейбус токтоочу эки депо толук оңдоп-түзөөдөн өтөт. Үчүнчү бөлүгүндө Европа өнүктүрүү банкынын каражатына газ менен жүргөн 12 метрлик 124 автобус сатып алуу каралган. Мында да биздин автопаркка тийиштүү эки депобуз толук модернизацияланат. "Быйыл жалпы 624 автобус келет" деген план менен иштеп жатабыз. Келишимге ылайык, ар бир келген автобустун өз мөөнөтү бар. Жалпы жонунан 500 автобуска 28 жаңы каттам даярдалды. Буга чейин бустарды шаардын борборунан чыгарып жаңы автобустар менен камсыздоо айтылган. Түтүндөн да сактайт. Азыр келе турган автобустардын баары газ менен жүрөт. Экологиялык жактан таза. Булар октябрга чейин толук жумушка кирет.
— Деполор 1000 автобус баткыдай модернизацияланарын айткансыздар. Иш аяктадыбы?
Н.С.: — Буга чейин коомдук транспортко мынчалык көңүл бурулбай, жеке тараптар элди өзү кан, өзү бий болуп тейлеп келген. Учурда деполор оңдолуп жатат. Ал жакта керектен чыккан автобустардын баары аукцион менен реализацияланды. Акыркы автобустарды деподон чыгарып кетүү иштери жүрүүдө. Учурда автопарктарга асфальт жаткыруу, жарыктандыруу, жеке тарапка өтүп кеткен жерлерди муниципалитетке кайтаруу иштери кызуу жүрүп жатат.
— Арген мырза, жаңы автобустар келсе маршруттук каттамдар кандай өзгөрүшү мүмкүн?
Арген Дүйшөналиев: — Ар бир каттамдын белгиленген пландык чени бар. Жарандарды жана шаардын конокторун коомдук транспорт менен толук камсыздоо максатында каттамдар көзөмөлгө алынууда. Накталай эмес төлөмгө айдоочулар баш ийбесе биз тараптан тийиштүү чара көрүлөт. Учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
© SputnikПландоо жана коомдук транспортко мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Арген Дүйшөналиев
Ведущий специалист отдела планирования и мониторинга общественного транспорта при мэрии Бишкека Арген Дуйшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Пландоо жана коомдук транспортко мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Арген Дүйшөналиев
— Айдоочулар каршы болбошу үчүн маянасын көтөрүү керек го...
Н.С.: — Сол чөнтөккө кеткен акчаны муниципалитеттин бюджетине кайрууну көздөп жатабыз. Айдоочулардын жол киреге эч кандай тиешеси болбошу керек. Баары "Тулпар" картасы аркылуу жүрөт. Аппараттан аркылуу канча киши түшкөнү жана каражаты көрүнүп турат.
— "Менин шаарым" тиркемесине да шаардыктар ыраазы болуп жатышат...
Н.С.: — Өкмөттүн 519-токтомуна ылайык, ар бир каттамга GPS орнотуу пункту каралган. Муну Транспорт министрлиги колго алып бардык фирмалардын жетекчилери чакырылган. Учурда Бишкектеги 2 537 кичи автобуска GPS орнотулду. Андан тышкары, автобустарга да коюлду. Бул оңойго турган жок. Жеке фирмалардын ээлери тарабынан бут тосуулар, айдоочулар тараптан түшүнбөстүктөр болду. Ар бир айдоочуга жеринде түшүндүрдүк. GPS трекерин орноткондон кийин Санарип технологиялар борбору иштеп чыккан "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси да өзүнчө чоң долбоор болду. Эл караган тиркеме башка, анын муниципалитеттин кызматкерлери үчүн да иштелип чыккан версиясы бар. Кандай укук бузуулар болуп жатканын көзөмөлгө алышат.
— Жыл этегине чейин кайсы маршруттук каттамдар алмашат?
Н.С.: — Негизинен шаарда 84 кыймыл-чийме бар. Иштер жүрүүдө, азырынча алмашчу каттамдарды айтууга эрте. Ири фирмаларды муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча да иштедик. №113, 213 жана 114 кичи автобустук каттамдардын ордуна №35 жана №48 автобустар каттоодо. Мэр тарабынан шаардын борборун кичи автобустардан арылтуу боюнча тийиштүү тапшырмалар коюлган. Ишсиз калган кичи автобустардын айдоочуларын чоң автобустарга айдоочулукка чакырабыз. Жумушка алуудан мурда жол эрежесин бузган айыптары каралат.
Катардын шейхи Тамим бин Хамад Аль Тани - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Катардын шейхи кыргыз маданиятына кызыгып кетти. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0