Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Продюсер: кыргыз киносунун 90%ын жеке инвесторлор каржылайт

© Sputnik / Асел АкматКинопродюсер Сүйүм Сулайманова
Кинопродюсер Сүйүм Сулайманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
Кинопродюсер Сүйүм Сулайманова Кыргызстанда тартылган фильмдер көбүрөөк чет элдик продакшн студиялар менен иштешиши керектигин айтты.
Кыргыз тасмаларынын 90 пайызы жеке инвесторлордун колдоосу менен тартылып жатканын Сүйүм Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Продюсер: кыргыз киносунун 90%ын жеке инвесторлор каржылайт
Анын айтымында, мамлекет жылына бир же эки гана тасманын жаралышына колдоо көрсөтөт.
"Кинонун канчалык алыс талпынганы кинопродюсерден көз каранды. Бул маселе кино үчүн абдан маанилүү. Фильмдин Кыргызстанда калышына же чет өлкөлөрдөн ийгилик жаратканына кинопродюсер жооптуу. Бир жагынан муну көйгөй катары да эсептесек болот. Анткени бизде чет элдик продакшн студиялар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк абдан аз. Кыргызстан боюнча бир-эки эле продюсер башка өлкөлөр менен кызматташып келет. Ошентсе да кыргыз тасмалары соңку 10 жылда болуп көрбөгөндөй өстү. Киножаратмандар мамлекеттин колдоосуна муктаж. Азыркы тартылып жаткан тасмалардын 90 пайызын жеке инвесторлор каржылап жатат. Мамлекет болсо жылына бир же эки гана долбоорго акча бөлүп берет. Ошондой эле кыргыз эли кыргыз фильмдерин колдоп келет. Кинотеатрда бир эле маалда "Аватар" менен "Аяш 3" тасмасы көрсөтүлүп жатса, элдин көбү "Аяш 3" фильмине барып жатты. Көрүүчүлөрдүн жергиликтүү кинолорду чет элдик фильмдерге караганда көбүрөөк көргөндүгү кубандырат", — деди кинопродюсер.
Ал мамлекет тараптан киного делген каражатты көбөйтүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0