Ата-энеге баланын кесип тандоосуна ашыкча кийлигишпөө сунушталды

© Фото / Pexels / cottonbro studioБүтүрүүчү экзамен учурунда. Архивдик сүрөт
Бүтүрүүчү экзамен учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Жазылуу
Психолог ата-эненин баланы кайсы бир кесипти тандоого мажбурлоосун туура эмес деп түшүндүрдү. Ата-энелердин учурунда башка кесип, азыркы учурда башка кесип пайдалуу болуп жатканын эске алуу зарыл.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда абитуриенттер жогорку окуу жайларга тапшырууну улантууда. Психолог Полина Котулева Sputnik Кыргызстан радиосунда ата-эне баласынын кесип тандоосуна ашыкча кийлигишпөө туура экендигин айтты.
Адис ата-эненин баласын коргоп, ага кам көрүп, келечегин ойлогондугу кадыресе көрүнүш деп билдирди. Бирок ата-эне баласын өзү каалаган же өзү кадырлуу деп эсептеген кесипти тандоого мажбурлоосу туура эмес экендигине токтолду.
"Ата-эне балага ишенимдүү болгонду үйрөткөнү дурус. Өспүрүм бардык оор кырдаалда өзүм жол табышым керек экен деген ойдо болушу керек. Ал дээрлик чоң адамдардын катарында, демек, кайсы бир оор маселелерде аны чечүүгө ички ресурстарым бар деп ишенгени оң. Бүгүнкү күндүн эң башкы талабы – окуу, үйрөнүү. Бул деген жөн гана кесипке ээ болуу эмес, бардык тармакта улам-улам жаңыланып жаткан технологияларды, ыкмаларды өздөштүрүп туруу", — деп белгиледи психолог.
Ал ата-эне балдар менен кесип тандоо боюнча сүйлөшкөндө, кеңеш бергенде көбүнчө өздөрүнүн тажрыйбасына, өздөрү кесип тандаган учурда суроо-талап жогору болгон кесиптерди сунуштай турганына токтолду.
"Ата-эне дайыма базалык багыттарды – медицина, укук, экономика жана башка ушул сыяктууларды сунуштайт. Себеби алардын учурунда ЖОЖдор даярдаган адистиктер чектелүү болчу, керектүү делген гана кесиптерге окутушкан.
Ишкерлик болгону менен көпчүлүк аны "кандайдыр бир башаламан жаман иш" деп кабыл алчу. Адамдардын аң-сезимине андай эмес экендигин сиңирүүгө аз эмес убакыт кетти. Азыркы балдар коммерциялык иштерди жакшы кабыл алышат. Көпчүлүгү тренддерди бат өздөштүрүп, эмнеге суроо-талап көп болуп жатканын тез түшүнө калып, ошол тармакта жакшы иштеп жатышат. Балдарга ишеним көрсөтүү кажет. Бул алардын келечеги, мурдагы муунга караганда келечек балдарга жакыныраак", — деп белгиледи Котулева.
Программист кыздар жумуш учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Билим берүү министрлиги Кыргызстанда талап күч болгон адистиктерди атады
Жаңылыктар түрмөгү
0