Өткөөл курактагы уулумду кайненем мага каршы пайдаланат. Келиндин каты

© Фото / Pexels / Kindel Media Апасы өспүрүм баласы менен сүйлөшүп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Апасы өспүрүм баласы менен сүйлөшүп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына өткөөл курактагы уулунун тилин таба албай, кайненесинин кылыгына нааразы келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Мен 42 жаштамын. Өзүм турмушка кеч чыккам. Улуу балам 14 жашта, экинчиси 10 жашта. Башында үй алып, материалдык жагдайыбызды жакшыртуу үчүн жолдошум экөөбүз тең иштеп, баламды кайненеме берүүгө туура келген. Ошол себептен уулум чоң апасына жакын. Анысына деле мейли. Бирок азыркы абал абдан катуу тийип жатат. Уулумдун азыр өткөөл курактагы мезгили. Мүнөзү өзгөрүп, көп баскысы келип эле калды. Менин сөзүмдү уккусу да келбейт. Кайненеме келин болуп баргандан баштап эле жаккан жокмун. Менден кийинки эки абысыныма жакшы мамиле кылат. Кеңешет. Ушуга чейин мени четтетип турат. Мунун бир себеби мени кара жумушка жок, ак кол, тың эмес деген сыяктуу айтат. Ал кишинин түшүнүгүндө аял киши тытынып эле казан кармап, баш көтөрбөй отуруш керек. Мен анте албайм, анткени башка жумуштарым көп. Айылдагы эки абысыныма салыштырып койгондо күйөсүң. Алардын өз жашоосу, тандоосу бар да. Буга чейин күйөөмдү мага каршы тукуруп, мээсин жечү. Эми уулумду мага каршы коюп баштады. Өзүнүн баласын айтсам, кантсе да өз эрки. Кандай бураса ошондой бурай берсин. Бирок уулумду мага каршы коюп, ошондон ырахат алган энелерге таң калам. Жолдошума апасын эч качан жамандабайм. Канча жиним келсе да кайненем тууралуу үйдө жаман сөз айтчу эмесмин. Бир чети туура эмес кылганмынбы деп ойлоп калам. Азыр мына өзүмдүн майыма өзүмдү кууруп жатат. Балама болгону сөз укпай жатканынан тилдеп койдум, ачуум келип урушсам үйдөн кетип калды. Азыр кайненемдикинде. Ал кишинин чырагына май таамп, улам чалып мага тийиштирип күйөөмө лекция окуйт. Күйөөм да мени жаман көрүп жатат. Жашагым келбей калды. “Жок дегенде сен колдобойсуңбу” дедим. Билбейм, азыр не кыларымды билбей жатам. Түшүндүрүп, айтайын десем да апабыз сөзгө келбей жатат. Айлам куруду. Башкасынын баарына чыдап келгем, балаңды өзүңө каршы койгондон өткөн жаман нерсе жок экен.
Психолог Гүлнара Жасоолова: Бала кичине чагында канчалык деңгээлде толук мээрим алса, ошончолук ата-энеси менен эмоционалдык мамиле түзүлөт. Сиздер материалдык жактан бекем туруп алалы деп аракет кылып жүргөндө баланы чоң энеси багууга туура келиптир. Ошол себептен ал киши менен эмоционалдык байланыш түзүлүп калган. Бала кимден жакшы мээрим алса, ошого жакын болуп калат. Кайнене менен келиндин мамилесинде өзгөчө мурунку турмушун кийинкиге сала берет. Башкача айтканда, эне башынан өткөнүн келинине колдоно бериши ыктымал. Өткөөл куракта балдарда физиологиялык жана дене түзүлүшү жактан өзгөрүүлөр пайда болот. Позитивдүү чөйрөдө чоңойсо, өткөөл курактан кийин позитивдүү болуп өзүн туура жолго салып баштайт. Ал эми туура эмес реакция болуп калса, өспүрүм куракта каршы реакцияларды пайда кылат. Мисалы, таарынганда, койгон талаптары аткарылбай же эң жакын адамдары менен жакшы мамиле түзүлбөй калганда каршы реакция пайда болот. Бала өз алдынча болгусу келет. Чоң адамдардын башкаруусунда болуп калган бала өзүм билемдикти көрсөтөт. Чоңдор тарабынан чектен чыккан басым улана берсе, өспүрүм сөзсүз үйдөн качып башка жакка ыкташып кетет. Сиздин балаңыз чоң энесине качыптыр. Кээ бир балдар көчө балдарына кетет. Анткени алар аны түшүнөт. Бул учурда өзүн түшүнгөн адамды издешет. Башка адамдар менен бирөөнү салыштырганга болбойт. Анткени аларды өзгөртө албайсыз. Ал эми өзүңүздү өзгөртө аласыз. Кайненеңиз менен мамилеңиздин башкы себеби – казан жууп, оокат кылганда эмес. Сиз алгач алар менен мамилени жакшыртып алсаңыз эле калганы өз ордуна келе берет. Ушундай абалда сизге баары каршы болуп жаткандай сезилүүдө. Алгач балаңызды түшүнүү менен анын кызыкчылыктарына терең баш багып, мамиле кылсаңыз уулуңуз жакындай баштайт. Эмоционалдык байланыш мээрим менен гана түзүлөт. Материалдык жактан бир нерсе сатып берейин же дагы башка алдоо жолу менен баштасаңыз түзүлбөй калат. Балага жакшы мамиле кылыңыз. Мени жамандап жатат болуш керек деп ойлосо, ошондой мамилени байкаса алыстай берет. Аларга сүйүү жана мээрим гана керек. Ошондой мамилени көрсөтүү өтө маанилүү.
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Үй-бүлөлүү жигитке алданып калдым... Кош бойлуу кыздын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0