"Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директорлугуна сынак жарыяланды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызфильм" улуттук киностудиясын имараты. Архив
Кыргызфильм улуттук киностудиясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Талапкерлердин документтери 10-августка чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директорлук бош кызмат орунуна документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Жумушка орношууну каалагандарга төмөнкү талаптар коюлган:
кино таануу, кинооператорлук, актёрдук искусство, жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 5 жылдан кем эмес болушу;
гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багытындагы жогорку кесиптик билими;
маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы 7 жылдан кем эмес болушу керек.
Талапкерлер сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясын өнүктүрүү программасы;
резюме;
автобиография;
кадрларды эсепке алуу баракчасы;
акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2023-жылдын 10-августуна чейин тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, №108 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин).
Байланыш телефону: +996 312 662683.
Улуу талант, Кыргыз эл артисти, төкмө акын, театр жана кино актёру, режиссёр Орозбек Кутманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Экинчи жубайын кичүү кызы "тапкан". Орозбек Кутманалиевди эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0