Августта күн кандай болот? Бир айдын аба ырайына божомол

© Sputnik / Табылды КадырбековВид на аллею Молодежи в Бишкеке. Архивное фото
Вид на аллею Молодежи в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Адистер бул айда дагы аптаптуу ысык болорун божомолдоп жатышат.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Август айында Кыргызстанда абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын көлөмү норманын чегинде сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада болуп 22…24, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 15…17 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13төн 16…21 градуска чейин, күндүз 21…26дан 31…36 градуска чейин ысыйт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 8...13, күндүзү 18…23төн 25…30 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Талас облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде сакталып 18…20 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11ден 12…17ге чейин, күндүз 18…23төн 28…33 градуска дейре ысыйт.

Ош облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде туруп 23…25, тоо этектериндеги райондордо 19…21 градус жылуу болору күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18 — 21…26, күндүз 23…28 — 33…38 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 7…12 — 14…19, күндүз 18…23 — 28…33 градус ысыйт.

Жалал-Абад облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде кармалып 23…25, тоо этектеринде 19…21 градус жылыйт. Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 13…18 — 21…26, күндүз 23…28 — 33…38 градуска дейре көтөрүлөт. Токтогул районунда 10…15 — 16…21, күндүз 20…25 — 29…34 градуска чейин ысыйт.

Баткен облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 23…25, тоо этектериндеги райондордо 19…21 градус жылыйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…18 — 21…26, күндүз 23…28 — 33…38 градуска чейин ысык болот. Ал эми тоо этектеринде 28…33 градуска чейин жетет.

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо айлык температурасы 16…18 градустун чегинде сакталат. Күндүн табы түнкүсүн 3...8 — 11…16, күндүз 16…21 — 26…31 градуска жетет.

Нарын облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 16…18 градус жылыйт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 — 10…15, күндүз 15…20 — 25…30 градус болот.
Бала ысык учурда суу ичип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Августта ысыктын илеби кайтабы? Айдын алгачкы аптасына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0