Жапаров: бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили дагы ошондой керек

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевКыргызстан жана Россия желектери. Архив
Кыргызстан жана Россия желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы орус тили эч кандай дискриминацияланбай турганын белгилеп, эки тилди тең бирдей өздөштүрүү зарылчылыгын айтты.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айткан пикирине комментарий берди.
Мамлекет башчы "Кабар" агенттигиндеги маегинде мыйзамда "орус тили дискриминация болсун" деген түшүнүк жоктугун белгиледи.

"... Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче, орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма Баш мыйзамда да бар. Ал нормалар кала берет. Мугалимдер менен дарыгерлерге тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып жатабыз дейли. Анан аны "сен кыргызча билбейт экенсиң" деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилисиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп жатабыз. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деген эле маселе. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча, же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып кете беребиз", — деди Жапаров.

Президент ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрүп, керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнүү ашыктык кылбастыгын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров кол коюу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынды, орус тили расмий бойдон калууда
Жаңылыктар түрмөгү
0