7-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭркиндик бульварындагы адамдар. Архив
Эркиндик бульварындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
7-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жумада күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31,Таласта +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көл жеринде +24…+29, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +27…+29, Ош калаасында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.
Суу өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн бою суу жок болот. Карта
Жаңылыктар түрмөгү
0